9-сентябрь - 16-сентябрь
|
Саламат Садыкова "Ак кайың"
Жүктөлгөн: 2011-03-09
Текст
Сыртына барып айылдын,
Сырдашкан чакты сагындым. Түгөнбөй сырдын түйүнү, Түбүндө аппак кайыңдын. Ал кайың турат, өзүң жок, Андагы айткан сөзүң жок. Арзыган жарга кошпогон, Ах сүйүү, сенин көзүң жок. Жылдызын көктөн каратып, Жылмайып тоодон таң атып. Кадыр түн тоскон кездер, ай, Кай жакта калдың адашып? Кайырма: Ал кайың турат, өзүң жок, Андагы айткан сөзүң жок. Айтылган сөзгө турбаган Эх сүйүү, сенин көзүң жок. Айтылган таттуу ант калып, Жүрөктөн кетпес так калып. Сен кеттиң кайра кайрылбай, Мен турам көзгө жаш алып. Кайырма: Ал кайың турат, өзүң жок, Андагы айткан сөзүң жок. Арзыган жарга кошпогон, Эх сүйүү, сенин көзүң жок. Ах, сүйүү, сенин көзүң жок.
Биз социалдык тармактарда:
Популярдуу видеолор
Жылаңач Бактыгүл (жашыруун камера, нерви жукалар көрбөгүлө!).18 жашка чейинкилерге көргөнгө болбойт.
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Медиа-портал" бөлүмүнө кирди:
|