super.kg logo

Урмат Усенов "Болбой эле"
Жүктөлгөн: 2008-11-24
Текст
Кайырма:
Билем, сөз жок чүрөксүң,
Тынчын алба жүрөктүн,
Таштап кетчи, тандап жетчи,
Махабат мүрөгүн.

Билем, сөз жок сулуусуң,
Сулуулугуң курусун,
Байкап көрчү, балдап өпчү,
Менден бир дурусун.

Болбой эле кадаламын,
Баш айланып ыр жазамын,
Магдыраткан махабатка,
Өзүң болдуң жан мазагым.

Тоңбой эле жазыламын,
Тоголонуп ачыламын,
Тоо карагат көздөрүңө,
Чабак уруп чачыламын.

Кайырма:

Качпай эле жабышамын,
Карек издеп табышамын.
Каш, көз, чач, кирпиктериңе,
Чаң жугузбайм ханышамдын.

Соолбой эле чачырадым,
Соо койбодуң, жан чырагым.
Жанчып тепсеп, тебелеген,
Балким, өзүң менин бактым.
Биз социалдык тармактарда:
Видеоклиптер
калганы >>>
Элдик видео
00:00:31
видео
2 жыл мурда
калганы >>>
Популярдуу видеолор
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
Аудиоклиптер
калганы >>>
Элдик аудио


    3 жыл мурда


    3 жыл мурда
калганы >>>
Популярдуу аудиолор
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Медиа-портал" бөлүмүнө кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;