super.kg logo

Анапия Райымбекова, Дилбар Райымбекова, Лира Райымбекова "Ак Мөөр - кыргыз периси"
Жүктөлгөн: 2013-09-19
Текст
Кылымды санап мөл даңкы,
Жайлатып ойду төр даңкы.
Ааламда мындай ажайып,
Соң-Көлдөй бермет көл, көл барбы?

Жыргалга толгон өрүшү,
Ырахат жанга бериши.
Табият көркү кең Соң-Көл,
Ак Мөөр - кыргыз элдин периси.

Кыялдай көрктү талашкан,
Кыялың буудан таң ашкан.
Тамшантып адам пендесин,
Соң-Көлгө Ак Мөөр жарашкан.

Соң-Көлдө көңүл турмушу,
Соң-Көлдө Мөөр нур кызы.
Соолубас көлдөй нуданган,
Соң-Көлдө сүйүү, өмүр жылдызы.

Суурулуп өмүр мүрөгү,
Сулуулук сүйүү жүрөгү.
Ак Мөөр өскөн бейиш жер
Арзышкан жаштар билеби?

Жалындуу жаштык өмүрдөй,
Жанбаган кумар көңүлдөй.
Кылымдар турат айкашып,
Ак Мөөр менен Соң-Көл бөлүнбөй.

Жыргалга толгон өрүшү,
Ырахат жанга бериши.
Табият көркү кең Соң-Көл,
Ак Мөөр - кыргыз периси.

Жыргалга толгон өрүшү,
Ырахат жанга бериши.
Табият көркү кең Соң-Көл,
Таттыбүбү - кыргыз элдин периси.
Биз социалдык тармактарда:
Видеоклиптер
калганы >>>
Элдик видео
00:00:31
видео
2 жыл мурда
калганы >>>
Популярдуу видеолор
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
Аудиоклиптер
калганы >>>
Элдик аудио


    3 жыл мурда


    3 жыл мурда
калганы >>>
Популярдуу аудиолор
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Медиа-портал" бөлүмүнө кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;