super.kg logo

Эмил Балтагулов "Издейм сени (С.А.В)"
Жүктөлгөн: 2013-09-09
Текст
Жааган кардын түрлөрүнөн,
Бакчалардын гүлдөрүнөн,
Ашыктардын жүрөгүнөн,
Издей берем сени, Мухаммед.
Айдын, күндүн нур өңүнөн,
Асылдардын тилегинен,
Акыйкаттын мүрөгүнөн,
Издей берем сени, Мухаммед.

Издейм сени жааган кардын түрлөрүнөн,
Издейм сени ашыктардын жүрөгүнөн.
Салам айтам сага, Мухаммед.

Көпөлөктүн учушунан,
Көңүлдөрдүн чокусунан,
Деңиздердин толкунунан,
Издеп келем сени, Мухаммед.
Акыл-ойдун тазасынан,
Ааламдардын башатынан,
Аталардын батасынан,
Издей берем сени, Мухаммед.

Издейм сени ааламдардын башатынан
Издейм сени аталардын батасынан.
Салам айтам сага, Мухаммед.

Сүйүүлөрдүн желегинен,
Момундардын белегинен,
Зикирлердин тереңинен,
Издеп келем сени, Мухаммед.

Улуулуктун данегинен,
Урмат-сыйдын дарегинен.
Үмөттөрдүн карегинен,
Издей берем сени, Мухаммед.

Издейм сени сүйүүлөрдүн желегинен,
Издейм сени зикирлердин тереңинен,
Издейм сени жааган кардын түрлөрүнөн,
Издейм сени, сени ашыктардын жүрөгүнөн,
Издей берем сени, Мухаммед.
Биз социалдык тармактарда:
Видеоклиптер
калганы >>>
Элдик видео
00:00:31
видео
2 жыл мурда
калганы >>>
Популярдуу видеолор
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
Аудиоклиптер
калганы >>>
Элдик аудио


    3 жыл мурда


    3 жыл мурда
калганы >>>
Популярдуу аудиолор
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Медиа-портал" бөлүмүнө кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;