super.kg logo

Бек Борбиев "Карагат"
Жүктөлгөн: 2014-06-18
Текст
Мен бул ырды ырдап жүргөм жашымда,
Маанисине түшүнбөй.
Тагдыр экен, жаштык экен, кантейин?
Өттү ал кез түшүмдөй.
Чыга калат “коюңуз” деп уялсаң,
Ууртуңдан уячаң.
Чыдай албай моюнуңдан жыттаймын,
Жаз гүлүндөй буралсаң.

Кайырма:

Кантип анан эзилбейм, карагатым?
Капилеттен жоготтум да, кайра таптым.
Бирде өбүп, бир өппөй,
Көз жашыңды көрсөтпөй,
Ийиниме башың жөлөп бара жаттың.

Мен бул ырды токуганмын жаш кезде,
Мазмунуна сүңгүбөй.
Ал кездеги окуялар эсимде,
Азыр ушул күнкүдөй.
Жакаң ылдый алма жыпар жыттанат,
Бир көрүнүп, көрүнбөй.
Эриндериң илебиме ыкталат,
Кожогаттын өңүндөй.

Кайырма:

Бир мен өбүп, сен өппөй,
Же сен өбүп, мен өппөй,
Ийиниме башың жөлөп бара жаттың,
Бирде ыйлап, бир күлүп сен бара жаттың...

Биз социалдык тармактарда:
Видеоклиптер
калганы >>>
Элдик видео
00:00:31
видео
2 жыл мурда
калганы >>>
Популярдуу видеолор
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
Аудиоклиптер
калганы >>>
Элдик аудио


    3 жыл мурда


    3 жыл мурда
калганы >>>
Популярдуу аудиолор
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Медиа-портал" бөлүмүнө кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;