super.kg logo

Ильяс Кудретов "Ата"
Жүктөлгөн: 2018-06-29
Текст
Жашап иштеп алыс жакта,
Келген элем бала чакта,
Убакыттар өттү го, ата.
Тирүүлүк деп жанды багып,
Дүнүйөгө азгырылып,
Баралбадым, болбочу капа.

Кечээ эле бала элем,
Атаке деп мен эрчигем,
Мына бүгүн болдум мен ата.
Кадырыңыз эми билдим,
Түйшүгүңүз эми сездим,
Мына бүгүн болуп мен ата.

Кайырма:

Сагынып, сагынып, сагынып
Атакемди мен.
Сагынып, зарыгып, жүрөмүн
Алыстап сизден.
Атакем, атакем, берекем
Сагындым го сизди.
Барамын, барамын, барамын
Буйруса айылга.

Эске түшөт бала чагым,
Атакем жайып кучагын,
Тосуп алчу бооруна кыса.
Болсом дагы азыр ата,
Сиз үчүн мен дале бала,
Эстей берем болгондо куса.

Жаш кезимде түшүнбөпмүн,
Атакебай айткан сөзүң,
"Балалуу болгондо билесиң" деген.
Кези келип мен түшүндүм,
Атакебай айткан сөзүң,
Мына эми болуп мен ата.

Кайырма:
Биз социалдык тармактарда:
Видеоклиптер
калганы >>>
Элдик видео
00:00:31
видео
2 жыл мурда
калганы >>>
Популярдуу видеолор
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
Аудиоклиптер
калганы >>>
Элдик аудио


    3 жыл мурда


    3 жыл мурда
калганы >>>
Популярдуу аудиолор
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Медиа-портал" бөлүмүнө кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;