super.kg logo

Гүлсүн Мамашева "Айбыгып жүрөм"
Жүктөлгөн: 2012-12-21
Текст
Көрүнө калса карааның,
Көгүлтүр оттой жанамын.
Шылтоолоп болбос иш үчүн,
Шынаарлап жакын барамын.
Ийменип бирок сүйлөбөй,
Ичимден сызып каламын.

Мезгилдер учат зымырап,
Мендеги ойлор жыйылат.
Капыстан артта келатсаң,
Кадамым калат кыбырап.
Бир паска бирге басканда,
Бүткөн бой кетет чымырап.

Махабат көлүн жай кылып,
Маанайым пасмын кайгырып.
Ойнойбуз түштө булакта,
Ойгонсом калам айрылып,
Кыздарга кыйын иш экен,
Айталбай жүрөм айбыгып.

Жаштарга кыйын иш экен,
Айталбай жүрөм айбыгып.
Биз социалдык тармактарда:
Видеоклиптер
калганы >>>
Элдик видео
00:00:31
видео
2 жыл мурда
калганы >>>
Популярдуу видеолор
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
Аудиоклиптер
калганы >>>
Элдик аудио


    4 жыл мурда


    4 жыл мурда
калганы >>>
Популярдуу аудиолор
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Медиа-портал" бөлүмүнө кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;