9-сентябрь - 16-сентябрь
|
Түмөнбай Колдошов "Коштошуу"
Жүктөлгөн: 2016-10-11
Текст
Кыйналтып жанды оорутайынбы?
Көңүлдүн шагын соолутайынбы? Көөнүмдү көзөп чок тиштеп алып, Коштошуу үчүн жолугайынбы? Кысылып кайнап эзилейинби? Кырчылып сынып кетилейинби? Көзүмдү оюп алгандай болуп, Көрүшпөс үчүн кезигейинби? Азаптын заарын төгүшөйүнбү? Армандын баарын бөлүшөйүнбү? Акылдын алсыз кулундай болуп, Акыркы жолу көрүшөйүнбү? Жүрөктүн дартын козготоюнбу? Жашоонун баарын токтотоюнбу? Жоолугуң үчүн, соолугуң үчүн, Жолугуп алып коштошоюнбу?
Биз социалдык тармактарда:
Популярдуу видеолор
Жылаңач Бактыгүл (жашыруун камера, нерви жукалар көрбөгүлө!).18 жашка чейинкилерге көргөнгө болбойт.
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Медиа-портал" бөлүмүнө кирди:
|