|
Тургуналы Нурматов
Бардык видеолор: 1
Бардык аудиолор: 7
00:02:53
Сөзү : К.Урманбетовдуку
Обону : Т.Нурматовдуку
Ала качып, ала качып, ала качып,
Аргымактар арыш керет.
Азынатып, азынатып, азынатып,
Азаматтар намыска бек.
Шамдай жанып алышып,
Шамал менен жарышып,
Жүзүн сүртүп булутка,
Жүрөгү - от, каны ысык.
Ала-Тоону бел кылып,
Ата Журтту дем кылып.
Абалтадан шок болот,
Алоолонгон от болот.
А болбосо жок болот,
Кыргызымдын жигиттери!
Дүңгүрөтүп, дүңгүрөтүп, дүңгүрөтүп,
Жердин бетин тулпар келет.
Дүркүрөтүп, дүркүрөтүп, дүркүрөтүп,
Дүйнө жүзүн шумкар келет.
Кубанышат кыргыздар,
Кучак жайып жылдыздар.
Ал анткени алардын,
Арасында Чыңгыз бар.
Аалам кезет жомоктой,
Ак калпагын жоготпой.
Акыл-эсин камчылап,
Аккуладай алкынат.
Ай-жылдызга талпынат,
Кыргызымдын жигиттери!
Учту мына, учту мына, учту мына,
Айчүрөкпү же ак куубу?
Шукшурула, шукшурула, шукшурула,
Жигит шумкар сыяктуубу?
Закымдады кыз улам,
Жакындады боз улан.
Ана жетти, жетти, жетти,
Бек кучактап кетти, кетти, кетти.
Ак сүйүүгө бек болот,
Ак достукка чеп болот.
Кызыл гүлүң соолбосун,
Кыдыр болуп жолдошуң,
Кыраан Манас колдосун,
Кыргызымдын жигиттери!
Кызыл гүлүң соолбосун,
Кыдыр болуп жолдошуң,
Бабам Манас колдосун,
Кыргызымдын жигиттери!
Сөзү : Тургуналы Нурматовдуку
Обону : Тургуналы Нурматовдуку
Кубанычтар дайра болуп агылып,
Келин келет ак шөкүлө жамынып.
Куттукташып жубайлардын үлпөтүн,
Той башталды, той башталды, той башталды,
Алакандар, алакандар чабылып.
Кайырма:
Бийлейли, бийлейли, жаш селки турба,
Бийлейли, бийлейли,
Кошто жигит ыр ырда.
Бактылуу болгула,
Ишке ашып оюңар.
Кут болсун, кут болсун,
Үйлөнүү тоюңар.
Ак тилектер, ак ниеттер айтылып,
Апалардын чачыласы чачылып.
Кана эмесе, оо, туугандар ак жол тилеп,
Каалайлы, каалайлы, каалайлы,
Узун өмүр, узун өмүр, чексиз бакыт.
Кайырма:
Бийлейли, бийлейли, жаш селки турба,
Бийлейли, бийлейли,
Кошто жигит ыр ырда.
Бактылуу болгула,
Ишке ашып оюңар.
Кут болсун, кут болсун,
Үйлөнүү тоюңар.
Жоодураган көздөр көзгө кыналып,
Жашагыла жазгы гүлдөй буралып.
Абийирдүү, ар намыстуу болсун деп,
Ата-энеңер, ата-энеңер, ата-энеңер бата берет, бата берет кубанып.
Кайырма:
Бийлейли, бийлейли, жаш селки турба,
Бийлейли, бийлейли,
Кошто жигит ыр ырда.
Бактылуу болгула,
Ишке ашып оюңар.
Кут болсун, кут болсун,
Үйлөнүү тоюңар.
Кубанычтар дайра болуп агылып,
Келин келет ак шөкүлө жамынып.
Куттукташып жубайлардын үлпөтүн,
Той башталды, той башталды, той башталды,
Алакандар, алакандар чабылып.
Кайырма:
Бийлейли, бийлейли, жаш селки турба,
Бийлейли, бийлейли,
Кошто жигит ыр ырда.
Бактылуу болгула,
Ишке ашып оюңар.
Кут болсун бүгүнкү,
Үйлөнүү тоюңар.
Сени ойлойм ушул мүнөт азыр да,
Жоодураган көздөрүңдү сагынам,
Басып келип колдорумду кармалап,
Туруп турчу бир мүнөткө жаныма,
Кайырма:
Менин гүлүм, менин сүйүүм,
Айтып койчу кайда үйүң?
Асмандагы ак жылдыздай жаркырап,
Мөлтүр булак аккан суудай шарпылдап
Сенин сүйкүм сенин назик элесиң,
Ээлеп алды жүрөгүмдү таңуулап.
Кайырма:
Менин гүлүм, менин сүйүүм,
Айтып койчу кайда үйүң?
Жаштар жүрөт көчө аралап басышып,
Эч капасыз көңүлдөрүн ачышып.
А мен жалгыз жүрөм азыр көчөдө,
Жүрөгүмдө сүйүү оту чачышып.
Кайырма:
Менин гүлүм, менин сүйүүм,
Айтып койчу кайда үйүң?
Менин гүлүм, менин сүйүүм,
Айтып койчу кайда үйүң, кайда үйүң?..
Сөзү : Т. Нурматовдуку
Обону : Т. Нурматовдуку
Тууган жакшы болсо, болсо,
Таркабаган кумардай.
Ийгиликке себепкер, себепкер,
Энең таккан тумардай.
Тууган жаман болсо,
Колуңда болсо коюңдай.
Узөңгүдөн бут тайса,
Алкыңдан алат моюндай.
Узөңгүдөн бут тайса,
Алкыңдан алат моюндай.
Коңшу жакшы болсо,
Кубанычка бөлөнүп, бөлөнүп.
Ырыс-кешик насипти,
Бири-бириңе тартып.
Коңшу жаман болсо,
Сатканы саткан ушактап.
Артыңдап сайып бычакты,
Жүзүңдөн ай чыгат кучактап.
Келин жакшы болсо, болсо,
Туурга бакыт конгондой.
Ынтымакка шериктеш,
Сайкал себеп болгондой.
Келин жаман болсо,
Эл ичинде пас кылат.
Душманыңды арбытып,
Досторуңду, досторуңду,
Досторуңду кас кылат.
Душманыңды арбытып,
Досторуңду, досторуңду,
Досторуңду кас кылат.
Куда жакшы болсо, болсо,
Пейилге бүткөн жан куда.
Эки жашка нур чачкан,
Караңгыда шам чырак.
Куда жаман болсо,
Көңүл муздак, сыйлабайт.
Ортосуна суу чачып,
Эки жашты эй,
Эки жашты ыйлатат.
Ортосуна суу чачып,
Эки жашты эй,
Эки жашты ыйлатат.
Жубай жакшы болсо,
Жаманыңды жашырат.
Ооруңду алып колуңдан,
Оюңду ишке ашырат, ашырат.
Жубай жаман болсо,
Каарына калып Кудайдын.
Сенден сырын жашырат,
Башыңа салып убайын.
Сенден сырын жашырат,
Башыңа үйүп убайын.
Жакшы менен жамандык,
Бирге жүрөт жанашып.
Биз жүрбөйлүк турмушта,
Жолубуздан адашып.
Биз жүрбөйлүк турмушта,
Жолубуздан адашып.
Биз жүрбөйлүк турмушта,
Жолубуздан адашып...
|