|
СЕЗИМ тобу
Бардык видеолор: 4
Бардык аудиолор: 6
00:04:00
00:04:00
00:03:29
00:03:58
Ааламга жыпар жытын алып келген,
Ак таңдай пайгамбарым Мухаммед.
Ар дайым күч-кубат болуп келген,
Асыл кенч пайгамбарым Мухаммед.
Асыл кенч пайгамбарым, нур Мухаммед.
Кайырма:
Мухаммадун я расуулаллах, Мухаммадун я расуулаллах,
Я хабиб Аллах, я наби Аллах, Я шафи Аллах Мухаммад
Я расуулаллах.
Ахмад болуп аталдың көктө бийик,
Арбалдым мээримиңе, жан Мухаммед.
Алла сүйүп даңктады бир өзүңдү,
Аземдүү жер жүзүндө Мухаммед.
Аземдүү жер жүзүндө нур Мухаммед.
Кайырма:
Жазылбай актай калган барагыма,
Эми мен атыңды атап ыр жазбаймын.
Толтуруп жүрөгүмдү кусалыкка,
Сагынам деген сөздү,
Күтөмүн деген сөздү оозанбаймын.
Кайырма:
Жол карап күткөн күндөр артта калды,
Кеч күздүн жалбыраксыз дарагындай.
Аз-аздан унутулат аёо сезим,
Өмүрдүн саргарган бир,
Мезгилдин саргарган бир барагындай.
Жазылбай актай калган барагыма,
Көзүмө жаш толтуруп карабаймын.
Жаштыктын жазы толгон көчөсүнөн,
Жарк этип көрүнсө деп,
Нур болуп төгүлсө деп самабаймын.
Кайырма:
Сөзү : Эмил Балтагуловдуку
Обону : Эмил Балтагуловдуку
Сыйларым энекем,
Жыргалым энекем.
Ырларым энекем,
Асыл энем, жаш кезимден,
Мээнетиңди баалаймын.
Сенсиң менин бул дүйнөдө,
Эч табылгыс таалайым.
Узак жашап жүрөгүңдүн,
Жаш болушун каалаймын.
Ыраа көрбөйм кайгы-муңга,
Бүркөлбөсүн маанайың.
Кайырма:
Энекем, сенсиң сыйлаарым,
Ырысым, бүтпөс жыргалым.
Атыңды салып обонго,
Ардактап сени ырдадым,
Оболойт сен деп ырларым.
Жан дүйнөмө жарык берген,
Бир өзүңсүң, энекем.
Байлыгым сен, бакытым сен,
Эч түгөнгүс берекем.
Кайдан басса балам деген,
Мээрим ысык энеден.
Бул жашоомдун шам чырагы,
Сенсиң энем, сен энем.
Кайырма:
Энекем, сенсиң сыйларым,
Ырысым, бүтпөс жыргалым.
Атыңды салып обонго,
Ардактап сени ырдадым,
Оболойт сен деп ырларым.
Сыйларым, энекем,
Жыргалым, энекем,
Ырларым, энекем.
Оо, энем
Асыл энем, жаш кезимден,
Мээнетиңди баалаймын.
Сенсиң менин бул дүйнөдө,
Эч табылгыс таалайым.
Мен кубансам кошо күлүп,
Мен ыйласам ыйлайсың.
Ооруба деп кайра-кайра,
Ден соолугум сурайсың.
Кайырма:
Энекем, сенсиң сыйларым,
Ырысым, бүтпөс жыргалым.
Атыңды салып обонго,
Ардактап сени ырдадым,
Оболойт сен деп ырларым.
Энекем, сенсиң сыйлаарым,
Ырысым, бүтпөс жыргалым.
Атыңды салып обонго,
Ардактап сени ырдадым.
Оболойт сен деп ырларым,
Жыргалым, энекем.
|