|
ЖанЭл
Бардык видеолор: 2
Бардык аудиолор: 7
00:03:47
00:03:15
Сөзү : А.Сарыбагышеваныкы
Обону : М.Атабековдуку
Ыйык тилегим, ал сөз арманым,
Болду мени үчүн дайым.
Булутка окшоп, буулугуп барам,
Сени көрүп суктанам.
Кайырма:
Жанып турам жаныңда,
Жаным садага.
Жалындаган махабат,
Таалайымсың агарган.
Тагдыр жол курган,
Талбай сен деп ырдаткан.
Күл болдум сенин күйгөн отуңа,
Өрттөнүп жалында.
Гүлдөйүн гүлдөй болуп жазында,
Сүйүүмдү сен сакта.
Түндүн таңы бар, ай жарык жанар,
А менин тилегим бар.
Күчөттүң ойду, бололу чогуу,
Суна калчы колуңду.
Сени эңсеп, сүйүп жашайм,
Арнап сага жылдарымды.
Түбөлүккө унутпаймын,
Алмашкыс жыргалымды.
Кайырма:
Сүйүүмдү сага жолдодум,
Сүйөт деп мен да болжодум.
Жалындаймын, өчпөймүн,
Жалгыз сенде ойлорум.
Кулачым жайып, ачамын,
Кубаныч балын татамын.
Адаштырган, алдаган,
Жалгандардан качамын.
Маңдайыма бүткөн ушул,
Билем, жазган бакытымды.
Өтсө өмүр өзгөрүлбөс,
Өзүңдү мен таптымбы?
Кайырма:
Сөзү : А. Алымовдуку
Обону : Корей элиники
Алсызмын күн санасам,
Ашыгым, жол карасаң.
Таштадың жалгыздыкка,
Билбедиң муздаганымды, жаным.
Оорутуп кыйналганымды,
Көзүмдөн электеген.
Элесиң кетпейт менден,
Кабарың кай тарапта?
Сезбедиң сыздаганымды, жаным,
Сезимди булгаганыңды.
Кайырма:
Мен сагынычтан сыздап,
Карап жолду.
Мен санааларга батып,
Арман толду.
Сен кайтпас алыста,
Жол таппай барышка.
Кеттиңби менсиз алыска?
Сен сапарыңдан кайтпас,
Бастың жолду.
Сен мага айткан сөзүң,
Жалган болду.
Мен сүйгөм өзүңдү, өмүрүмдү,
Арнаймын өчпөс дүйнөмдү,
Сүйөмүн өзүңдү.
Жетпедим күн санадым.
Келбедиң жол карадым.
Жашаймын сагынычта,
Укпадың сураганымды, жаным,
Бир сен деп кубанганымды.
Кайырма:
Бүркөк асман жарк дегенде чагылган,
Байкоосуздан жалыныңа кабылгам.
Бүт эркимди курчап алып махабат,
Жалгыз сенин элесиңди жамынгам.
Азыр мен да сени ойлоп жатамын,
Ошол күндөр бүткөн өңдүү канымдан.
Жымыңдашып жанып-өчүп чырактар,
Али эсимде бирге олтурчу убактар.
Жүрөктөрдүн кагышканын тыңшачу,
Алыс калды алма жыттуу турактар.
Чертчү эле го түгөнбөгөн күүлөрүн,
Миң кайталап музыкалуу булактар.
Карай берип канча жолу камыктын,
Эстей берип жүрөгүмдү сагынттың.
Асыл кечим, келчи менин жаныма,
Издей берип бүт денемди талыттың.
Кадимкидей кучак жайчы жалдырап,
Качан болсо мен сен үчүн жарыкмын.
Таппай такыр махабаттын айласын,
Сагындым мен жолукчу күн ай-башын.
Мурункудай күтүп турам азыр да,
Булбул куштун тереземден сайрашын.
Ар убакта жолукчу элек бакчадан,
Айтчы деги, асыл кечим, кайдасың?
Сөзү : К.Качкынбаеваныкы
Обону : А.Такырбашевдики
Талыкпай күтүп жүргөн тагдырымдын белеги,
Табылып ак сүйүүдөн, таалайыма келгемби?
Карегиң кадалат, жүрөктү турат жаралап,
Көздөрүң карагат, көл болуп толкуйт махабат.
Кайырма:
Жашоодо жалгыз махабатым сага арнадым,
Ак сүйүүмдү сезгин.
Жылмайып карап жанымда болсоңчу, ардагым,
Жаралап жүрөк, жылуу сөзүң менен арбадың.
Мен байланып калдым.
Жашыкпайм эми, сезимиңди сен да арнагын,
Сурабаймын.
Сүрөтүң сенин болду сүйүүмдүн сүйлөмү,
Сүрдөттүң мени, башканы сендей сүйбөдүм.
Ой басып жүдөдүм, ооруду сен деп жүрөгүм,
Уладың үмүтүм, уктай албай күтөмүн күнү-түн.
Кайырма:
Жашоодо жалгыз махабатым сага арнадым,
Ак сүйүүмдү сезгин.
Жылмайып карап жанымда болсоңчу, ардагым,
Жаралап жүрөк, жылуу сөзүң менен арбадың.
Мен байланып калдым.
Жашыкпайм эми, сезимиңди сен да арнагын,
Сурабаймын.
|