|
Бегимай Карабаева
Бардык видеолор: 8
Бардык аудиолор: 13
00:03:42
00:03:39
00:03:37
00:03:13
00:03:06
00:03:59
00:02:47
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Мирлан Абдыраевдики
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : "Каома" тобунан алынган
Бул обон менен жаштыкты биз эске салалы,
Бий менен учуп токсонунчу жылга баралы.
Сонун жарашат бий аянтта чогуу,
Улуу-кичүүнүн бийлеп жатканы.
Ламбада бийлеп өткөн күндөрдү эстеп,
Унуталы биз кайгы-капаны...
Жаш балдар суктанып карап калсын бизди таңдана,
Ден соолукка пайда, кыймылдатат баарын ламбада.
Бул бийдин азыр обону сакталып,
Өзгөртүлдү кыргызча сөз гана.
Жөн гана бийлеп келсеңиз мурда сиз,
Кошулуңуз биз менен ырга да.
Ламбада бийи, бийлегенде көңүл бургузат,
Бийлебегенди чиркешкендер дароо тургузат.
Ынтымак бийи - ламбада экени,
Бий аянттарда даана байкалат.
Жашоо жыргалын, ар бир күн кымбатын
Байкасаңыз ушул ыр жар салат...
Бир кездерде жанып турган ак сүйүүм сага,
Ал күндөрүм түгөнбөстөй сезилген анда.
Мейли, мейли, кетсең мейли, бирок мени сагынба,
Жүрөгүмдү кыйнап кайра, кайрылба мага.
Кайырма:
Жан, өзүңө сүйүүмдү айта албаймын,
Көңүлүмдө бир өзүң кайра жанбайсың.
Өмүрүмдү бир сага арнаган элем,
Эми, жаным, мендейди таба албайсың.
Өттү күндөр, айлар өттү, жылдар арадан,
Жүрөк сыздап, муңга толбойт эми кайрадан.
Мейли, мейли ыйласам да, өттү күндөр арадан,
Билгин, жаным, сезим жанбайт эми кайрадан.
Жаз беле, жай беле,
Жанырган ай беле?
Жаңыла жаздагам,
Жаным күчүм кайда эле?
Ашыкпайм, адашпайм,
Жанашып, жарашпайм.
Барктаган байлыгын,
Башкаларга багыштайм.
Кайырма:
Таткым келет суйуу мүрөгүн,
Табышмагын талкап жүрөктүн.
Таалайымдан табаар татынам,
Табыша албай тарып жүдөттүң.
Күүгүмдөгү күндүн нурундай,
Күтүп келем кылчак бурулбай.
Бурганактайт бугум сыйпалап,
Чындык менен чындап жуурулбай.
Күз беле, кыш беле?
Көнүлүн түз беле?
Көздөрүң жашоомдун,
Жарык кылар түс беле?
Күтүүгө түтпөдүм,
Курчалдым, күчтөндүм.
Караанын чырактай,
Кагылып мен бүтпөдүм.
Кайырма:
Күтөөр элемин, билем күмөн экенин
Бой бербеген баёо сезим жетегиндемин.
Жетеленгенмин бирок жекеленемин,
Жеңилбеген өжөр сезим жемиш бербедиң.
Кайырма:
Жадабайм жаным дечү элең
Жалгыздык алыс дечү элең
Жар салган махабатыма
Жараткан калыс дечү элең
Тилегим жаным дечү элең
Тийгизбейм баарын дечү элең
Телмирген махабатыма
Теңирим калыс дечү элең.
Батына албаймын, кантем багына албадым
Бар деп берген бакытыма жакындалбаймын
Сага каралдым, каным жаралгандаймын
Жандап койчу илебиңе, жаным жагайын.
Кайырма:
Сырымды кимге айтамын, кимдер угат?
Жүрөктү ким жылытат калса муздап.
Жалгыздык ээлеп алып жан дүйнөмдү,
Түшүмдү түшүнбөгөн ойлор бузат.
Кайырма:
Тумжураган айлана,
Жардам берчи мага.
Жалгыздыктын кереги,
Кереги жок бир мага.
Көбөйтөр көңүлдөгү кайгыларым,
Көйкөлүп көрүнгөнгө кайрыламын.
Кайрадан кайдыгерлик тиктей салкын,
Качан мен жалгыздыктан айрыламын?
Кайырма:
Бей күнөө үмүтүмдөн умтуламын,
Мүмкүндөй кусалыктан кутуларым.
А бирок колун сунбай бир тирүү жан,
Кайрадан жалгыздыкка тутуламын.
Кайырма:
Кара көздүн карегинде уялап,
Карап койсоң каректерим уялат.
Күн - түнү кайгыларды кубалап,
Кыялдарым сен тарапка чубалат.
Мурун мага сен жөн эле жакчусуң,
Сырларыңды сыр сандыка катчусуң.
Айландырып алдым окшойт сүйүүгө,
Арнап жүрүп мамиленин татуусун.
Кайырма:
Бирок айта албайм, сени сүйөм деп,
Сага ардагым, менин ардагым.
Муздак түндөн калкалай бүтпөс махабат,
Мага арнадың.
Ээлеп алып ойлорумдун барысын,
Ошондо да башым ийбейт намысым.
Тагдырымды табышмака айлантып,
Таап алдым жүрөгүмдүн дарысын.
Тартууладың балдан таттуу махабат,
Кыялымдын гүлдүү багын аралап.
Сени ойлоп, сени гана сагынып,
Сени сүйүү бир мен үчүн ырахат.
Кайырма:
Сен сүйүүңдү айта албайсың намыстанасың,
Жетүү үчүн махабаттан алыс каласың.
Жашырынып жаштыгыңда күнүң өткөрсөң,
Ак сүйүүңдү анда ачык кантип табасың?.
Жүрөгүңдө кусалыктар күндө тебелейт,
Көздөрүңдөн өкүнүчтү жашы себелейт.
Тунжураган жалгыздыкты эчким түшүнбөйт,
Өзүң үчүн сенден бөлөк эч ким өкүнбөйт.
Кайрыма:
Сөзү : Насирдин Жумановдуку
Обону : Насирдин Жумановдуку
Жаштык кетет кайрылбай,
Өткөн күндөн айрылбай.
Артык эле көптүн сырлары,
Үмүт гана жалдырайт.
Үнсүз тиктейт жалбырак,
Кечки сулуу сезим кылдары.
Ансыз кыска өмүрдө,
Кайгы калат көңүлдө.
Бир сен эмес жүргөн адашып,
Мейли бул ыр өчпөсүн,
Жаштык курак өтпөсүн,
Бул жашоодо дайым жанашып.
Кайрма:
Таң шооласын төккөндө,
Күн жүзүмөн өпкөндө.
Жашоо кайра жанданып,
Кайрылуу жок өткөнгө .
Оомат бакыт бир келет,
Ойной турган күн келет.
Көз отуңдан жашың тамбасын,
Жаным агат кан агат.
Келсе аруу махабат,
Бул жашоодо көңүл калбасын.
Бир көрүүнү сагынбай,
Ойго чөмүп жалынбай.
Айтчы жаным жаштык сырларын,
Аккан суудай тунуксуң,
Көлдөй терең улуксуң,
Таңкы сезим сүйүү кылдары.
Кайрма:
|