super.kg logo



Абидин Темиров "Чыгыш кызына"

Жүктөлгөн: 21-12-2012
Көчүрүү
04:28
4,09 Мб
Жанр: Эстрада
  • Currently 4.00/5
Комментарийлер(4)
12.12.2013. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
yr jakty maga
18.03.2014. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Былтыр көлгө баргандан тажап, жолдошум бала-чакам менен Коргол ырчы Акбакайын боздоп ырдаган Тегерек жайлоосуна барып, Абидиндин ушул чыгармасына туугандар менен өлө бийлегенибиз эсте калыптыр
03.06.2015. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ, сураныч, Абидин байкенин аткаруусундагы Нестан-Дарежанды жүктөп кое аласызбы?
03.06.2015. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
dosboss, саламатсызбы! Сиз сураган ырды башка ырчылар аткарган, шилтемелер:
Аскат Мусабеков "Нестан - Дарежан" www.super.kg/media/audio/92385/
Исирадин Аманбаев "Нестан - Дарежан" www.super.kg/media/audio/108239/
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Абидин Темиров
"Чыгыш кызына"

Сөзү : Гүлсина Өмүрбек кызыныкы
Обону : Абидин Темировдуку
Мен сени миң көрүүдөн чарчабаймын,
Миң муунак жыпар төккөн арчадайым.
Жылдыздай көздөрүңдөн сүйө берип,
Жибергим келбейт кусам таркамайын.

Кайырма:
Кантейин эми, кара көзүң эзип жүрөктү,
Арманга салып, арадан канча күн өттү.
Ошол карашың оттой жанып мени жүдөттү,
Жал-жал көзүм, на-на, на-на, на-на...

Караймын, карагандан карек талбай,
Көнөмүн тагдырыма көңүл алдай.
Кантсем да бугум жазып азыр эле,
Кайра эле куса болом кумар канбай.

Кайырма:
Өмүр кубаты, өзүңсүз кантип турайын?
Келчи кучакка, көңүлдөр бирге кубансын.
Жарыгым болчу, жашообуз бирге улансын,
Жал-жал көзүм, на-на, на-на, на-на...

Өзгөчө сагынганда бөлүнөмүн,
Өлмөйүн сенден кантип түңүлөмүн?
Өмүрдү кечип издеп келе берем
Өзүңдү төрт бурчунан дүнүйөнүн.

Кайырма:
Кантейин эми, кара көзүң эзип жүрөктү,
Арманга салып, арадан канча күн өттү.
Ошол карашың оттой жанып мени жүдөттү,
Жал-жал көзүм, на-на, на-на, на-на...
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул аудиоклипке кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;