-
Энергетика министри Аскарбек Шадиев электр энергиянын өз баасы 20-февралда такталып бүтөрүн билдирди. Учурдагы өз баасы орточо 46 тыйынды түзөт.
-
Кыргызстан быйылкы жылы Өзбекстандан жаратылыш газынын 1000 метр кубун 223 доллардан сатып алат. Бул баа былтыркы жылга салыштырмалуу 19 долларга арзан.
-
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов төрөлгөн жана акын Алыкул Осмонов каза болгон 12-декабрды Кыргыз улуттук адабият күнү деп кабыл алуу Жогорку Кеңеште каралууда.
-
“Газпром Нефть Азия” ишканасы күйүүчү майдын баасын 50 тыйынга арзандатты.
-
Баткен облусунун пайдалуу кендеринин баасы 65-70 триллион доллар турарын «Тоо өнөр жайчы жана геологдор» ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеев айтты.
-
Орусиянын укук коргоо органдары Москвада 30 кыргызстандык кармалгандыгы тууралуу маалыматты четке кагышты.
-
Жаратылыш ресурстар министрлиги акыркы 13 жылда кен иштетүү боюнча ар кандай компанияларга 1057 лицензия берген, бирок бирөөсүндө дагы өндүрүш иши жөнгө салынган эмес.
-
УКМК Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда колго жасалуучу куралдардын устаканасы бар экенин аныктады.
-
Мусулмандар диний башкармалыгы жаңы уставдын долбоорун иштеп чыгышат.
-
Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетине залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын берүү демилгесин Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков сунуштады.
-
“Сүлүктү көмүр” акционердик коомунун жумушчулары кызматтан алынган директорду кайра ордуна кайтаруу үчүн митинг уюштурушууда.
-
Депутат Курсан Асанов июнь окуясында дайынсыз жоголгон 31 кишинин тагдыры ушул күнгө чейин белгисиз экенин билдирди.