№429 21-27-январь, 2011-жыл.
Кыргыз киносунун чолпону, сүрөтчү, актёр Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонд ачылды. Бул тууралуу Садык Шер-Нияз билдирди. Фонд таланттуу актёрлорго жардам берип, Сүймөнкул Чокморовдун мектебин улантууну максат кылат. 10 жылдан бери айтылып, бирок аткарылбай келе жаткан Чокморовдун эстелигин быйыл коюуну да фонд пландап жатат. Эстелик болжол менен “Манас” кинотеатрынын жанына орнотулмакчы. Ошондой эле улуу актёрдун мемориалдык эстелигин “Ата-Бейитке” коюу маселеси каралууда.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |