«МИНИСТРЛИК ӨЗҮҢӨРГӨ БУЮРСУН» ДЕШТИБИ?

№431 4-10-февраль, 2011-жыл

Каржы министри Чоробек Имашев менен Социалдык коргоо министри Дүйшөналы Мамасалиев иштебей жатып кызматынан баш тартышты. Мамасалиев мырза ашыкча ызы-чуусу жок кетсе, Каржы министринин креслосу “майлуу” эмеспи, жаңжалга айланганы аз калды. Имашевдин “бюджетте мугалимдердин айлыгын көтөрүүгө акча жок” деген ачык сөзү көбүнө жакпай, Жогорку Кеңештин жыйынына келген сайын депутаттардын “тепкисинде” калып жатты.
Быйылкы жылдын бюджети депутаттар тарабынан бекитилип бүтө электе Каржы министринин “өз эрки менен” кызматтан кетиши көп суроолорду пайда кылды. Ошентип, эки финансисттин тирешүүсүндө министри жеңилип, депутаты жеңип чыккандай болду. Дегенибиз, бюджеттик көзөмөл ЖКдагы “Ар-намыс” фракциясынын колунда. Комитетти мурунку Каржы министри Акылбек Жапаров жетектейт. ЖКга келген сайын Имашевдин айласын кетирген да Жапаров мырза болуп жаткан. Эми “жаңы Каржы министри талап кылынат” деген жарыянын алдына “120 кишиге туруштук бере алчу иммунитетке ээ адам зарыл” деп жазышпаса болгону.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
05.02.2011. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туй ата десе.. жапаров министр болуп турганда олко кандай бай эле ээ.. тим эле бактылуу болуп жашап жатпадык беле? )))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо