-
Өкмөт фермерлерге насыя берүү үчүн 4 коммерциялык: “Айыл Банк”, “Кыргызстан”, “Азия Банкы” жана “РСК Банкты” тандап алды.
-
“Манас” эпосу боюнча маселени кароо үчүн ЮНЕСКО эки тараптуу комиссия түзүүгө даяр экендигин депутат Карганбек Самаков айтты.
-
Өлкөнүн 340 миң жакыр үй-бүлөсүнө өкмөт тарабынан бекер ун таратылат.
-
“Азия Курулуш” ЖЧКсынын башкы директору, “шляпачан айым” атагына конгон Адина Турдубаева 16 жылга эркинен ажыратылды. Эскерте кетсек, ага карата 100гө жакын кылмыш иши козголгон.
-
“Бишкек шаар башчысынын айлыгы 17 миң сом” деп баш калаанын мэри Иса Өмүркулов билдирди.
-
12-13-февралда Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн кол өнөрчүлүгү боюнча жарманке өтөт.
-
Бишкекте 339 көчөнүн аталышы жок, анын ичинен көбү жаңы конуштарда жайгашкан.
-
ЖКнын жаңы депутаттары КСДПдан Мурадыл Мадеминов жана “Ата Журттан” Хажимурат Коркмазов БШК тарабынан каттоодон өтүштү.
-
Парламенттик үгүт учурунда “Республика” партиясынын басма сөз кызматын жетектеген Кубат Болоткан уулу “Учкун” ААКсынын башкы директору болуп дайындалды.
-
Акыркы 40 күндүн ичинде уюшкан кылмыш тобунун 31 мүчөсү ИИМ кызматкерлери тарабынан кармалды.
-
Быйылкы жылы орточо айлык акы 8,5 миң сомду түзөрүн Экономикалык тескөө министри Учкунбек Ташбаев айтты.
-
10-январь күнү “Ош базарында” иштеген соодагерлер Ак үйдүн алдында нааразычылык акция өткөрүштү.
-
Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигине Кубанычбек Таабалдиев жетекчи болуп дайындалды.
-
9-февралда Египеттен 122 кыргызстандык жаран учуп келди. Аталган өлкөдө январь айында башталган элдик толкундоолор аягына чыга элек.