-
Үстүбүздөгү жылы Өзбекстан бааны арзандатканына карабай, жарандарыбыз үчүн жаратылыш газы арзандабайт. Газдын 1000 метр кубу 19 долларга арзандаган.
-
Бишкек шаарынын жашоочулары бир күндө 200 тонна нан жешет.
-
КРнын Мамлекеттик архитектура жана курулуш агентствосунун башчысы болуп Каныбек Нарбаев дайындалды.
-
2011-жылы өлкөдө кант кызылчасы 3800 гектарга көбүрөөк эгилмекчи.
-
Быйылкы жылдын 1-февралына карата салык төлөөчүлөр мамлекетке 2 миллиард 13 миллион сом карыз.
-
2011-жылы Кыргызстанда 14,3 миллиард килоВатт саат электр жарыгы өндүрүлмөкчү.
-
Мухамметкалый Абылгазиев Социалдык фонддун төрагалык ордуна барып отурду.
-
Криминалдык авторитет Камчы Көлбаевге издөө жарыяланганын президент Роза Отунбаева билдирди.
-
Апрель айында Апрель элдик ыңкылабынын 1 жылдыгы белгиленет.
-
Нарындык аксакалдар Роза Отунбаевадан президенттик шайлоого катышуусун өтүнүштү.
-
Аргынбек Малабаев “Улуттук компания “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды.
-
Болот Шер Көк бөрү федерациясынын башкы катчылыгынан ден соолугуна байланыштуу кетти.
-
Кыргызстанда жыл сайын 3500дөн ашуун өрт катталат.
-
Бишкек шаарындагы “Ош базарынын” айланасында жыл башынан бери 1920 жолу жол эрежелерин бузуу катталган.
-
Өлкөдө 22 миң трактор бар. Алардын 17 миң даанасы гана иштейт.
-
Экс-депутат Исхак Масалиевди мамлекеттик айыптоочу 14 жыл эркинен ажыратууну соттон өтүндү.
-
Президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен Марат Эшперов жана Виктор Иванов КРнын Башкы прокурорунун орун басарлары болуп дайындалышты.