№436 11-17-март, 2011-жыл
“Эгер кыргыз бийлиги март айынын аягына чейин 7-апрель боюнча сот ишин улантпаса, башкача чараларды көрөбүз”,- деп билдирди “Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин мүчөсү Маралбү Биянки. “Азыркы бийлик биздин балдардын төгүлгөн канынын артынан келип отурат. Алар болсо кылмышкерлерди, алардын ичинен айрыкча экс-президент Курманбек Бакиевдин туугандарын кармагандын ордуна, кызмат бөлүшүп, пайда көрүүнүн жолун издеп жатышат. Сот иши уланбай турган болсо, митингге чыгып, ачкачылык жарыялайбыз. Андан сырткары Курманбек Бакиевди Кыргызстанга экстрадициялоосун талап кылабыз”,- дейт Маралбү айым.
“Бакиевчилер” деп эсептелген «ата журтчулар» бийликке келгенде “Мекен шейиттери” негедир унчукпай калышты эле. Эми кайрадан үн салышууда. Жакында саясий майданда өзгөрүүлөр болот окшобойбу.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |