УБАДАЛАР КУРУ КАЛАБЫ?

№437 18-24-март, 2011-жыл

“Саясатчылар периштелерге айланып баратышса, анда шайлоонун жакындаганы” дечү беле? 2010-жылы эң таза өттү деген парламенттик шайлоону баштан кечирдик. Анда партиялар чоң-чоң убадалар менен элди аябай эле тойгузушкан.
Эмесе, “сөз бергендин аткармайы бар” демекчи, Коалициялык өкмөттүн мүчөсү КСДПнын убадаларына көңүл бурабыз. Анткени бул партиянын лидери бүгүн өкмөттү башкарып отурат.
Алар шайлоо алдында: “Биз бийликке келсек, мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартабыз”,- деп айтышкан. Бирок азыр иш жүзүндө тескери жыйынтыктарын байкаганга болот. Бакиев кезинде 16 министрлик жана комитеттер болсо, азыр алардын саны – 20.
Партия “калкты сапаттуу медициналык жардам жана дары-дармектер менен камсыз кылабыз” деп ооз көптүргөн. Алардын бири да жок. Кайра “дары-дармектердин кошумча наркына салык киргизебиз” деп жатышат. Ал эми сапаттуу медициналык жардам – азырынча кыргыз эли үчүн кыял.
Андан ары карай жылсак: “Балык башынан сасыйт. Биринчиден, өлкөнүн башчылары уурдабаш керек. Качан бийлик мамлекетти тонобой, элди ойлогондо гана Кыргызстан бай өлкөгө айланат”. Бул Алмазбек Шаршеновичтин айтканы. Ага карабастан, азырынча биздин бийлик “Кыргызстанда келесоо менен колу жок гана уурдабайт” деген принципти карманат окшойт. Партия мындан сырткары да көптөгөн убадаларды кыргыз элине берген. Алар сөз бойдон калабы же ишке ашабы, аман болсок көрө жатарбыз.
P.S. Эмки сандарыбызда башка партиялардын берген убадаларына да саресеп салабыз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
19.03.2011. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эл которулуп катуу талап кылбаса болбой калды
19.03.2011. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
буларды кубалаб жиберсе болбойт иштетиш керек тепкилеп журуп чынбы
20.03.2011. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо бир аз да болсо элдин духун которуп политика жонундо жакшы жактарын жазгылачы суранабыз ато качан болсо эле Ата Мекен партиясынан башкасынын баарын жамандап желмогуз кылып жазасынар
21.03.2011. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саясатчылардын баары жалганчы, алдамчы, куруу убадачы болушат, билбейсинерби?
21.03.2011. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андай болбосо алар которуло албайт та. Аларга ишенип туралычы башка айла болбойт...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо