Бир бүркүм... ДЕПУТАТТАР БАЛА БАГЫП АЛЫШАТ...

№437 18-24-март, 2011-жыл

  • Кыргызстанда эт менен сүттүн 60 пайызы жеке чарбаларда өндүрүлөт.
  • Мирбек Имаев Коргоо министрлигинин алдындагы Улуттук Гвардиянын командачысы болуп дайындалды.
  • “Фермерлерге жеткиликтүү насыя” долбоору боюнча өкмөт “Айыл банкына” 400 миллион сом бөлүп бермекчи.
  • Сабырбек Молдокулов президент Роза Отунбаеванын буйругу менен Эсептөө палатасынын төрагасы болуп бекитилди.
  • Япониядан 21 кыргызстандык Казакстандын жардамы менен өлкөбүзгө кайтып келишти.
  • 2010-жылы “Кара-Кече” ишканасында 9,3 миң тонна көмүр өндүрүлгөн.
  • 2011-жылдын башынан бери Кыргызстанда Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 5,14 миллиард сом салык чогулган.
  • ЖКнын депутаттары Японияда жетим калган балдарды багып алууга даяр.
  • Орусиянын Владивосток шаарында көчөдө калган 11 жердешибиз жакын арада мекенибизге кайтып келишмекчи.
  • Бишкек Жылуулук электр борборуна Казакстандан жылына 700 миң тоннадан ашуун көмүр келет. Ал эми өзүбүздүн өлкөдөн 100 миң тоннадай эле көмүр жагылат.
  • Кыргызстанда 21-март жана 24-март дем алыш күндөрү деп жарыяланды.
  • 16-март күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
  • Ош облусунун Кара-Суу районунда кыргыз жана өзбек улутунун өкүлдөрү үйлөндү. Кыргыз күйөө жана өзбек келинден турган жаш жубайлар жергиликтүү бийлик тарабынан 100 миң сом менен сыйланышты. Улуттар аралык достукту бекемдөө максатында эми эки улуттун өкүлү баш кошушса, акчалай сыйлык алышмакчы.
  • Бишкек шаарында Австриянын консулдугу ачылат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
25.03.2011. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобоо ээ, Кыргыз-озбек улут-р баш кошушса 100мин сом менен сыйланышат, кызык ошол эле калды эми! Кыргыз кыздарыбыз тие корбогуло!!!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо