ТҮРМӨДӨГҮ БУНТТУ КӨЛБАЕВ УЮШТУРДУБУ?

№437 18-24-март, 2011-жыл

Соңку аптада эле Кыргызстандын жаза өтөө мекемелеринде 3 жолу өзгөчө кырдаал катталган. Алардын ичинде абактан качуу жана адам өлтүрүү аракеттери да бар. Алсак, Аламүдүн районундагы Молдовановка айылында жайгашкан №27-колонияда мөөнөтүн өтөп жаткан кылмышкер күндүз эле качууга аракет кылган. “Мындай көрүнүш өлкөнүн тарыхында биринчи жолу катталып жатат” дешет түрмөнүн кызматкерлери. Андан башка №10 (Жалал-Абад шаары) жана №16 (Беловодск айылы, Москва району) жаза өтөө колонияларында да абактагылар арасында баш аламандыктар болуп өткөн. “Мындай баш аламандыктар кримавторитет Камчы Көлбаевдин буйругу менен уюштурулду” деген маалымат бизге келип түштү”,- дейт Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын башчысынын орун басары Камчы Качкыналиев. Себеби мындай баш аламандыктардан кийин түрмөлөрдө текшерүү жүрүп, кылмышкерлерди ич ара башкаруучу күчтөр да алмашат. «Ал муну менен буга чейин түрмөлөрдө өз өкүмүн жүргүзүп келген Азиз Батукаевден бийликти тартып алууну көздөгөн» дешүүдө.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо