Бир бүркүм... КАРООСУЗ КАЛГАН БАЛДАР КӨБӨЙДҮ...

№440 8-14-апрель, 2011-жыл

  • 4-апрелден 14-апрелге чейин апрель окуясында курман болгондорго арналган он күндүгү башталды.
  • Орусияда 590 миңге чукул мекендешибиз иштеп жүрүшөт, анын 270 миңи Орусиянын жарандыгын алышкан.
  • Апрель, июнь окуялары боюнча депутаттык комиссия апрель айынын ортосунда иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялайт.
  • Транзиттик борборго май ташуу мыйзам долбоору парламенттен өтсө, бюджетке ай сайын 4-4,5 миллион доллар түшөт.
  • Депутаттар “Ош базарынын” аймагындагы соода жайларды ордунда калтыруу боюнча Жогорку Кеңештин токтомун колдоп беришти. Токтомдо базардын айланасындагы иретсиз соода жайларын тартипке келтирүү жагы күчүндө калтырылды.
  • Кыргызстанда кароосуз калган балдардын саны 20 миңге жетти.
  • Өлкөбүзгө мал ылаңдарына жол бербөө үчүн 4 миңден ашык ветеринар керек.
  • “Кыргызстан Бажы союзуна киргенде көп маселе чечилет”,- дейт Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов.
  • Республика боюнча бир ай ичинде буудайдын килограммы 13,97 сомдон 15,77 сомго чейин көтөрүлгөн.
  • Ысык-Көл жана Нарын облустарында 2 миллион сом суммадагы электр энергиясы уурдалган.
  • Өлкө боюнча ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган 3444 киши катталган. ВИЧ инфекциясынан 467 киши каза болсо, СПИД оорусунан 163 адам көз жумган.
  • 6-апрелде Ош облусунун Араван районунда 3 балл, Ош жана Кызыл-Кыя шаарларында 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.
  • Президент Роза Отунбаева “Кыргызстанда болгон революциялар дүйнө элине феномен болду”,- деп айтты.
  • Мамлекет тарабынан 7 облустагы 19 мектепке керектүү эмеректер берилди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо