Бир бүркүм... НАРЫНДА ЖЕР СИЛКИНДИ...

№441 15-21-апрель, 2011-жыл

  • Кыргызстанда 32 миңден ашуун адам кант диабетине чалдыккандардын катарында.
  • Мекенибизде «Чернобыль» АЭСиндеги окуядан жапа чекен адамдардын саны – 1821. Бул окуядан жапа чеккендерге 20 000 сом, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 10 миң сомдон, 1983-89-жылдардагы катышуучуларына 15 миңден жогору бир жолку жөлөк пул берүү каралууда.
  • Июнь окуясында жапа чеккен үй-бүлөлөргө Ошто 75 квартиралуу 5 кабаттан турган үй курулууда. Ошондой эле Ош шаарындагы Анар кичирайонунда дудук жана көзү азиздерге берилчү 45 квартиралуу 5 кабаттан турган үйдүн пайдубалы түптөлө баштады.
  • Экс-башкы прокурор Кубатбек Байболов айткан маалыматтарды иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.
  • 9-апрелде Нарында 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Кыйроолор болбогону менен, айрым айылдарындагы бир канча социалдык объекттерге зыян келтирилген.
  • Азимбек Бекназаров президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул орунда азыркы башкы прокурор Аида Салянова иштеп жүргөн эле.
  • Премьер-министрдин айтымында, май айында Орусиянын “РусГидро” компаниясы Нарын дарыясына жаңы ГЭС куруу ишин баштайт.
  • Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Урмат Барыктабасов баштаган 15 адамдын ишин кароо уланууда. Барыктабасовду прокурор 18 жылга эркинен ажыратууну суранууда.
  • Өкмөт Нарын облусунун Ат-Башы районунун дыйкандарына бюджеттен каралган 14 миллион 350 сомдук
    400 тонна арпа-буудай үрөнүн берет.
  • Ирандын 1 миллион доллар өлчөмүндөгү жардамы түштүк жергесинде спорттук жайларды курууга жумшалат.
  • Кыргызстанда калкка психологиялык жардам көрсөтүү жокко эсе.
  • 14-апрелде бекитилген башкы прокурор Аида Салянова: «Ташиевге карата айыптар далилденсе, анда аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча парламенттен макулдук алууга келем»,- деди.
  • “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун ЮНЕСКОнун мурастар тизмесине киргизүү ниетин аталган уюмдун Кыргызстандагы иштери боюнча комиссиясынын төрагасы Султан Раев билдирди.
  • 15-апрелден тарта Ош облусундагы жер титирөө болгон аймактардагы үйлөр, социалдык объекттер экинчи ирет текшерүүдөн өтөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
23.04.2011. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Июнь окуясынан кийин,жалан гана озбектердин уйу курула баштаган,шылтоо менен озбектер жаны уйдуу болуп калышкан,болону да бышкан кирпичтен уй курушкан,,байкуш кыргыздарга эч нерсе жок,коробуз го 5 кабатту уй кимге болунгонун?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо