Бир бүркүм... АК ҮЙДӨ 7 КОЙ СОЮЛДУ...

№442 22-28-апрель, 2011-жыл

  • 1986-жылдын 26-апрелинде болгон “Чернобыль” АЭСиндеги авариянын 25 жылдыгы белгиленмекчи. Иш-чаранын алкагында өкмөт анын катышуучуларына 15 миң, майып болгондорго 20 миң, каза болгондордун жакындарына 10 миң сомдон бир жолку жөлөк пул берүү чечимин чыгарды.
  • Кыргызстанда 322 адам гемофилия дарты менен катталган. Алардын 40 пайызы жаш балдар.
  • Кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү уюштуруучулук роль жергиликтүү бийликтерге өтмөкчү.
  • 2011-жылдын 1-апрелине карата Бишкекте 160 миң автоунаа катталып, ал өткөн жылга салыштырмалуу 18 миңге көбөйгөн.
  • Кыргызстандын абактарында өлүм жазасына өкүм кылынган 147 адам отурат.
  • Түркиянын Кызыл Жарым Ай коому менен ЮСАИД Ош облусунун дыйкандарына 220 тонна үрөн беришти.
  • Ысык-Көл облусунда 2011-жылдын 1-январынан тартып 15-апрелине чейин милиция кызматкерлери тарабынан 204 килограмм 547 грамм баңгизаттары алынган.
  • Өлкөбүздө жалпысынан 2050 мечит болсо, аларда 3 миң имам кызмат өтөйт. Ошондой эле 3 Ислам университети, 7 институт, 52 медресе бар. Ислам багытында 3 миңге жакын студент билим алууда.
  • Кыргызстан Орусияга болгон карызынын 14,3 миллион долларын кайтарып берди”,- деп билдирет КРнын Каржы министрлиги. Буга чейин Кыргызстандын Орусияга болгон карызы 548 миллион долларды түзөрүн, мында 198 миллион доллар мурдагы карыз болсо, 350 миллион доллар 2010-жылы насыя түрүндө алынганын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирген.
  • 2010-жылы кыргызстандык мигранттар өлкөбүзгө 1 миллиард 664 миллион доллар которушкан. Анын 90-95 пайызын Орусияда эмгектенген атуулдар жөнөтүшкөн. Эгемендикти алган жылдардан бери Орусия Федерациясынын атуулдугун 270 миң кыргызстандык алган.
  • Кыргызстандын 1 миң 282 айылында таза суу тартыш.
  • Ысык-Көлдөн кармалган балыктардын 90 пайызы Казакстанга экспорттолот.
  • Депуттар Ак үйдүн аурасын тазалаш үчүн өздөрүнүн бир күндүк айлык акысынан 7 кой союп, кан чыгарышты. 7 койдун экөө Балдар үйүнө, дагы экөө мечитке жана Карылар үйүнө бөлүштүрүлдү.
  • ЖКнын төрагасы Ахматбек Келдибеков: «БШК «Бүтүн Кыргызстан» партиясын парламентке өткөрбөш үчүн шайлоонун жыйынтыгын 2 ай бою жарыялаган эмес»,- деди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо