МИНИСТРДИН ТААРЫНЫЧЫ ТӨШ БЕЛГИДЕ

№443 29-апрель - 5-май, 2011-жыл

“Апрель элдик революциясынын баатыры” деген атайын төш белгиси менен 1163 адам сыйланган. Сыйлыкты тапшыруу чечими чыккандан бери анын айланасында ар кандай кептер тарады. Сыйлык элдик революциянын каармандары эмес, партия ишин аткаргандарга, үйүнөн чыкпай жашынып жаткандарга да берилип калганын айтышууда. Буга Апрель окуясынын башкы каармандарынын бири, учурдагы Жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкулов сыйлыкка көрсөтүлбөгөнү мисал боло алат.
Алиясбек мырза: “Мен сыйлыктан баш тарткан эмесмин. Мени сыйлыкка көрсөтүүнү былтыр майда эле башташканынан кабарым бар. Эл ишенип, сыйлыкка көрсөтсө, кантип албай коём? Элдин ишеними – Кудайдын берген ырыскысы. Ырыскыдан баш тарткан болбойт”,- деп төш белги албай калганына таң. А бийлик болсо «Алиясбекке чоң кызматты бербедикпи, болот» деп төш белгини берген эмес өңдүү.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
02.05.2011. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуларга тушунбой койдум. Бир туруп бизде эки эле служебный машина бар дейт. Озу эмне жумуш жасайсынар?! Кайсы тармакты башкарасынар?! Ушу силер болдунар окшойт "жатып ичер". Уялсанар боло бойроктон шыйрак чыгарып "Жаштар иштери боюнча министр" деп жок эле жерден бюджетти тартпай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо