ТАЖИКТЕР ЖЕРИБИЗДИ КАЙТАРЫП БЕРИШЕБИ?

№445 13-19-май, 2011-жыл

10-майда Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин отурумунда кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн ортосундагы жер тилкелерин өз ара бөлүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча протоколду ратификациялоо маселеси каралды.
Бул отурумда аталган комитеттин төрагасы, КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков: “Биз макулдашуу талабын аткарып, Тажикстанга 49 жылга 90 гектар жерди ижарага бердик. Бирок анын ордуна Кыргызстан үчүн ыңгайлуу деген 5 гектар жерди ушул күнгө чейин ала албай жүрөбүз. Демек, макулдашуу аткарылбаган соң кыргыз өкмөтү талап коюшу керек. Эгер талап аткарылбаса, 90 гектар жерди кайтарып алуу зарыл”,- деген оюн билдирди. Натыйжада Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитети макулдашууга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча протоколду ратификациялоого каршы чечим чыгарды. Эскерте кетсек, бул макулдашууга Ош шаарында 2009-жылдын 27-декабрында кол коюлган.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(3)
17.05.2011. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
обидно.90 гектар жерди берип салып,5 гектар жерге да ээ боло албай.келишим боюнча кол койулгандан кийин, кандайча ушул убакка чейин албайсынар???тушунуксуз.кайсы чиновник кол койсо дагы акмак экен.
19.05.2011. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал каяктын акмагы экени белгилуу да.
22.05.2011. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошого кол койгон чиновник налично алган акчаны, болбосо ким жерин бекер берсин, эми кыргызстанды да сатып жибергиле ушунча болуп калыптыр, же 49 жылга арендага бергиле. мумкун ошондо байып буторсунор...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо