№446 20-26-май, 2011-жыл
“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жергиликтүү бийлик органдары жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатканда, губернатордун кызматын жоюп, анын ордуна бий дайындоо керектигин айтты. “Алар облустук администрацияда өкмөт башчынын өкүлү кызматын аткарып калышат”,- деди депутат. Мындай жаңылыкты жакшы түшүнө албаган депутат Ирина Карамушкина “бий” сөзү көбүрөөк “бай” же “хан” деген сөздөргө окшошуп кетерин билдирди.
Андыктан “бий” деген сөздүн түшүндүрмөсүн аныктоо үчүн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси Мундузбек Абдыжапар уулуна кайрылдык. “Буга чейин Терминологиялык комиссия уюму мэрди бек деп атоону сунуштаган. Бирок ал убагында колдоо тапкан эмес. Ал эми бий дегенге токтолсок, эл ичинде “өрдөк жокто, чулдук – бий” деген макал бар. Сөздүктөгү маалыматка таянсак, бий – казы, сот, андан сырткары тойдун башкаруучусу катары айтылат. Негизи, губернаторду дубандын же облустун акими десе көбүрөөк дал келмек”,- деди адис.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |