ТАШИЕВ БИЙЛИК БАШЧЫЛАРЫНЫН БАЛДАРЫН ТАРБИЯЛАГЫСЫ КЕЛЕТ

№446 20-26-май, 2011-жыл

“Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев “Президент, ЖКнын төрагасы жана өкмөт башчынын жакын туугандары үчүн чектөөлөр” деген мыйзам долбоорун сунуштап, талкууга салды. Ага ылайык, эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, жогоруда үч аткаминердин жакын туугандары министр, губернатор, депутат сыяктуу саясий-мамлекеттик кызматтарга келүүгө укуксуз.
Бул жерде депутат Акаевдердин үй-бүлөсүнөн чыккан Айдар жана Берметтин депутаттыкка барып, Кыргызстанда кандай окуялар болуп кеткенин эске салды. Ошондой эле акцияларынын пакетинде мамлекеттик үлүшү бар коомдорду башкарууга да жол берилбейт. Бул пункт Максим Бакиевдин иштеринен улам келип чыкканы анык. “Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” демекчи, Камчыбек мырза бийликтеги негизги үч адамдын үй-бүлөсүн теске салуунун ушундай жолун сунуштоодо.
Айтмакчы, «жакын туугандар» деген тизмеге аткаминердин ата-энеси, жубайы, бала-чакасы, бир туугандары кирет. Талкууда “күйөө бала, жезде дегендерчи?” деп кызыккан депутаттар да болду. Анткени кыргыздын күйөө балдардан да оозу күйгөн жайы бар эмеспи.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(8)
23.05.2011. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ташиевдин башына таш тийит Максим менен Айдарчикти түш көрүп чыккан го дейм ыя? Ичкен кудугуңа түкүрбө дегендей Бакиевдин убагында анын жардамы менен азыркы ташиев атка конду эле эми минтип алар жокто оозун эки метр керип сүйлөп жатканы абийирсиздик же коркоктун иши деп бааласак туура го дейм.
23.05.2011. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул мыйзам кабыл алынып, иш жузундо иштей баштаса уйдой балээден кутулмакпыз. Жатып ичерлердин саны азаймак!
24.05.2011. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баракеде, дал ушундай мыйзамды бизге киргизиш керек деп айттым эле бир австриялык дос менен суйлошуп жатып. Австралияда, жарандар депутат же министр болууга укугу жок эгерде бизнеси бар болсо. Андан тышкары Президенттин, спикердин, премиердин еле эмес, министрлердин туугандары жоопту кызматка отурганга укуктары жок. Жанагы ана баш куйоо балдарды да тизмекке киргизиш керек, а то бизде эсеп менен уйлонуп кариера жасагандар Кыргызстандын байлыгып чалчандап чачып жатышат...
24.05.2011. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой андан керектуу закондор иштебейт кайдагы жомок закон иштемек эле... гос жумушта иштебесе да, аке-укелеринин жардамы (гос.жумуш.кимиси отурса) менен бизнестери гулдоп жайнайт...так что эч кандай деле натыйжа бербейт
24.05.2011. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башкаларды тарбиялагандан коро озун тарбиялап алсынчы. Анан башкаларды тарбияласа окшошот.
25.05.2011. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ташиев сыягы президенттик шайлоого озуно очко топтоп жатабы же чын ниети менен сунуштап жатабы.Эгер бул закон кабыл алынса Кыргызстан кичине да болсо алдыга жылат деген ойдомун.
26.05.2011. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат. Эн жакшы идея. Ташиевдей эр-азаматтар кобойсун жергебизде...
26.05.2011. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зыяндан пайдасы кобуроок мыйзам экен, кабыл алынса капачылык жок. Ташиев онолоюн деп калган сыягы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо