Бир бүркүм... МЕКТЕПТИ 72 МИҢ ОКУУЧУ АЯКТАДЫ...

№447 27-май - 2-июнь, 2011-жыл

  • “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев мектеп бүтүрүүчүлөрүн куттуктады. Ал: “Силерге кеңешим – өз күчүңөргө ишенгиле. Адилетсиздиктин алдында артка чегинбегиле. Багытын унуткан кербен жол аягына чыкпайт. Андыктан максатыңарды белгилеп, ага карай сабырдуулук жана өжөрлүк менен бет алгыла”,- деген сөздөрүн айтты.
  • Быйыл өлкө боюнча орто мектепти бүтүрүүчү окуучулардын саны 72 миңди түздү.
  • Кыргызстандан сыртка эттин килограммы 355 сомдон экспорттолууда. Ал эми өзүбүздүн ички базарларында кой этинин килограммы 267,8 сом болсо, уй эти 257,3 сомдон сатылып жаткандыгын Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги маалымдайт.
  • 35 жаштан жогорку кыргызстандыктардын 39,7 пайызы гипертония оорусуна чалдыгышкан.
  • Айрым басылмалардын узун кулактары жазган ушактарга ылайык, президент Роза Отунбаева жакынкы эки апта ичинде отставкага кетет экен. Бул тууралуу ажо жаңы дайындалган АКШнын Кыргызстандагы элчисине жана өкмөт башчыга да айткан имиш.
  • Республика боюнча шал оорусуна каршы 14 жашка чейинки балдарды эмдөөнүн экинчи этабы башталды. 18-22-апрелге чейинки эмдөөнүн биринчи этабында 1 миллион 600 бала эмделген. Өлкөбүздө шал оорусу акыркы жолу 1992-жылы катталган.
  • Кыргызстандын Өзбекстанга газ үчүн карызы 1 миллион долларга жетти.
  • 2011-жылдын баштапкы 4 айында өлкөбүздүн капчыгына салыктардан түшкөн каражаттын көлөмү 9 миллиард 700 миллион сомго жеткен.
  • “Мен жөнүндө “президент болот” деген имиштер тарап кетиптир. Бирок “эртең эле мамлекет башчы боло калайын” деген ойдон алысмын. Анын үстүнө 27 эле жаштамын. Ал эми Баш мыйзамга ылайык, президент болчу адам 35 жаштан улуу болушу керек”,- деп ЖКнын депутаты Бактыбек Калмаматов билдирди.
  • Индонезиянын соту баңгизаты менен кармалган Кыргызстандын жараны Жибек Сакееваны 10 жылга эркинен ажыратып, мындан тышкары 130 миң доллар айып салды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо