ӨЗҮБҮЗДҮН ЖЕРИБИЗДИ КАЧАН КАЙТАРЫП АЛАБЫЗ?

№448 3-9-июнь, 2011-жыл

Кадамжай районунун тургундары 20 жылдан бери Кыргызстандын аймагындагы жер астындагы түтүктөр аркылуу суткасына 20 тоннага чейин мунай Өзбекстанга кетип жаткандыгын билдиришип, бул боюнча катуу чара көрүү талабы менен жергиликтүү бийлик органдарына кайрылып келишет.
КРнын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 7-февралындагы «КРнын аймагында жайгашкан газ-техникалык курулуш имараттары жана Өзбекстан Республикасынын чарбалык субъекттерди иштетип тургандыгы жөнүндөгү» №66-токтомуна ылайык, негизги нефть жана газ скважиналарын, ошондой эле «Түндүк-Сох» газ сактагычын «Кыргызгаз» жана «Кыргызнефтегаздын» балансына өткөрүп бериши керек эле. Бирок 10 жылдан бери Өзбекстан белгисиз шылтоолор менен аталган мүлктөрдү бербей келет.
Өзбекстандын «Фергананефть» АКсы нефтини жана газды иштетүү үчүн Кыргызстандын аймагынан 184 гектардан ашуун жерди пайдаланып келүүдө. Анын ичинен 32 гектары суулуу жер болсо, 152 гектарын жайыттар түзөт. Мындан сырткары «Түндүк-Сох» газ сактагычы 360,2 гектар, жогорку жана төмөнкү басымдагы газ өткөрүүчү түтүктөр 700 гектар жайыттарды ээлеп турат. Бардыгы болуп 1270,2 гектар жер Өзбекстан тарабынан мыйзамсыз пайдаланылып келе жатат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
06.06.2011. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийлик эмнени карап жатат?озбекстан ошол эле газды кайра озубузго сатат,ал гана эмес кыштын кыраан чилдесинде убагында толо акчасын деп газды токтотуп койгонун кантесин Ошто,эй бийлик козунорду ачкылачы кыргыз учун,кыргызстан учун куйуп койгулачы кичине!Атамбаев жана анын командасы деле оздорун ойлогон адамдар экен,Алла Таалам кыргызстанга куйуп иштеп бере турган инсанды эл башы кыла кор!тажадык ушул 20жыл КТРден тушпогон адамдардан!
08.06.2011. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эл учун,жер учун тим эле мындай,тигиндей кылып жиберем деп убада берген чиновниктер ушундай проблемаларды чечсенер боло...
11.06.2011. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ӨЗҮБҮЗДҮН ЖЕРИБИЗДИ КАЧАН КАЙТАРЫП АЛАБЫЗ? Эч качан!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо