Бир бүркүм... АТАКТУУ КОМПОЗИТОР КАЗА ТАПТЫ...

№450 17-23-июнь, 2011-жыл

  • Кыргыз Эл артисти, Мамлекеттик гимндин авторлорунун бири Насыр Давлесовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 15-июнда Бишкетеги Опера жана балет театрында өтүп, маркумдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду. Ал 12-июнь күнү 82 жаш курагында көз жумган.
  • Быйыл республикалык бюджеттен 18 миллиард 176,7 миллион сом (25,1 пайызы) мамлекеттик башкарууга жумшалат. Бул туурасында Каржы министринин орун басары Мелс Аттокуров билдирди.
  • Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга 100 миллион юань (698 миллион 20 миң сом) өлчөмүндөгү кайтарымсыз грант бөлө тургандыгын Астанада Роза Отунбаева менен болгон жолугушууда КЭРдин жетекчиси Ху Цзинь Тао билдирди.
  • Кытай Эл Республикасынан өлкөбүзгө 267 трактор алынып келинет. Кыргызстанда бардыгы болуп 22 265 трактор бар.
  • Ош облусунун Араван районунда эгиндерди жыйноо иштери башталды.
  • Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына карата 3470 адамга мунапыс берилип, мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулат. Учурда абакта 14 435 адам отурат.
  • Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов төрөлгөн 12-декабрь күнүн “Улуттук адабият күнү” деп белгилөө боюнча токтомго өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев кол койду.
  • Сосновка-Кара-Көл автожолунда төлөм алынуучу бөлүктөгү жыйымдан казынага жылына 60 миллион сом түшөт.
  • Президент тарабынан талапкерлиги сунушталган Зина Асанкожоеваны ЖК колдоп, Улуттук банктын төрайымдыгына бекитти.
  • Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен Ош Мамлекеттик университетинин ректору болуп Каныбек Исаков дайындалды.
  • Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү манасчы Асанкан Жуманалиев 64 жашында көз жумду.
  • “Быйыл бардыгы болуп 128,4 миң гектар аянтка буудай эгилди. Өткөн жылга салыштырмалуу 8,6 миң гектарга көп. Күзүндө 800-850 миң тонна буудай алуу пландаштырылууда. 2010-жылга салыштырмалуу 37 миң тоннага көп”,- дейт Айыл чарба министри Төрөгул Беков.
  • Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматов Орусиянын жараны экендиги аныкталды.
  • Депутат Камчыбек Ташиевдин демилгеси боюнча маркум Раатбек Санатбаевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» деген эң жогорку наамды ыйгаруу жана Ак шумкар өзгөчө белгисин берүү сунушун «Ар-намыс» фракциясынын депутаттары толук колдошту.
  • 2013-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун саммити Кыргызстанда өтөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
22.06.2011. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Раатбек байкени олумуно эле абдан кейийм да ич куйот тим эле.......
26.06.2011. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматтуу супер инфо кош жарандык б.а Орус жарандыгын алган кыргыздардын келечеги эми эмне болот ошол тууралуу жазып кое аласыздарбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо