ТӨРӨБӨӨ ҮЧҮН ЖАТЫН ТҮТҮГҮН БАЙЛАП КОЮУГА БОЛОБУ?

№191 30-июнь-6-июль, 2006-ж.

– Аялдын жатын түтүгүн байлап, төрөтпөй коюуга болот дешет. Эгер болсо, ал аялдын организмине зыянын тийгизбейби? Адиля, Кызылкыя.

– Медицинада мындай ыкма бар. Адис гинеколог-хирург мини операция аркылуу жатындын оң, сол түтүкчөлөрүн медициналык жип менен байлап салат же электр тогу менен “күйгүзөт”. Ушинткенде аялдын урук клеткалары жатынга жетпей, түйүлдүк пайда болбойт. Мындай ыкма аялдын организмине эч зыянын тийгизбейт.


БУЛ АДАТЫМДАН КАНТИП КУТУЛАМ?
– Мен 16 жаштамын. Өзүнүн «алигисин» укалоо аркылуу канааттануудан кантип кутулууга болоору тууралуу кеңеш берип коёсуздарбы? Эмил, Карабалта.

– Жыныстык мүчөсүн укалоо аркылуу канааттануу мастурбация же онанизм деп аталат. Сиздин курагыңыздагы жыныстык жактан жетилүүдөгү жигиттердин 95 пайызы бул этаптан өтүшөт. Бул организмдин гормоналдык өзгөчөлү­гүнө шартталган нормалдуу көрүнүш болуп эсептелет. Качан гана жыныстык жашооңуз калыбына түшкөндө онанизмге тартылуу өзүнөн-өзү токтойт.


КОЛЬПИТ ДЕГЕН ЭМНЕ?
– Курбумдун жакында ичинин төмөн жагы ооруп, “алигисинин” кычышуусу ириңдүү бөлүнүп чыгуулар менен коштолгондуктан, дарыгерге кайрылган эле. Ал текшерип көргөн соң, “кольпит” деген диагноз коюптур. Ошондуктан, ушул оору тууралуу кененирээк билели дедик эле. Эля, Мэри, Каракол.

– Кольпит – жатын кынынын былжыр кабыгынын сезгениши. Кольпитке жыныстык жактан жугуучу оору түрлөрү (мисалы, хламидиоз), инфекциялык оорулар (мисалы, стрептокок, стафилокок), антибиотиктерди узакка колдонуу, аллергиялык реакциялар (мисалы, презервативге, свечага, мазга) жана башкалар алып келет. Дарылоодо антибактериалдык терапия, физиотерапия, диета сунушталат. Мындан тышкары свечалар, маздар да колдонулат. Ооруну убагында дарылабаса өнөкөткө айланып кетет. Кээде эрозияга да алып келүүсү күтүлөт. Ошондуктан, берээр кеңешибиз, курбуңуз толук дарылануу курсунан өтүүсү керек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
28.09.2019. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы мен заара чыгарып жатканда атышып жатат бул эмне себептен? Бакытбек кызы Клара
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо