АДАМДЫН СҮТҮНДӨЙ СҮТ БЕРҮҮЧҮ МУЗОО ТУУЛДУ

№452 1-7-июль, 2011-жыл

Жакында Аргентинада адамдын гени менен клондоштурулган ургаачы музоо туулган эле. Эксперттердин сөзүнө караганда, музоо даамы жана курамы жагынан адамдын сүтүнө окшош сүт бере алат. Ага Розита ИСА деген ат беришти. Эгер Розита окумуштуулардын үмүтүн актаса, анда адамдын гени менен клондолгон музоолор көбөйөт. Келечекте даамы жана курамы эненин сүтүнө окшош сүттөн балдар үчүн азыктар даярдала баштайт.

АКШ СҮННӨТКӨ ОТУРГУЗУУГА ТЫЮУ САЛАБЫ?
АКШда 18 жашка чейинки балдарды сүннөткө отургузууга тыюу сала турган мыйзам долбоору даяр болду. Мыйзамды бузуучуларга акчалай айып салынат же түрмөгө камалышат. Сан-Францискодогу демилгечи топ: «Сүннөткө отургузууну көпчүлүк учурда медициналык билими жоктор ишке ашырып жатат. Алар оорутууну басуучу жана сезгенүүгө каршы эч кандай дары-дармек колдонушпайт. Ушундан улам инфекция кирип кетип көз жумган балдар катталууда»,- дешүүдө.

ДАРЫ ОРДУНА ЗААРАГА БЫШКАН ЖУМУРТКА
Кытайдын Чжэцзян провинциясында жумуртканы жаш балдардын заарасына бышырып жеш модага айланууда. Жумуртканы заарага бир күн кечке кайнатуу кажет. Мындай учурда сасык жыт абаны каптайт. Бирок кытайлыктардын өздөрүнүн айтуусуна караганда, заарага бышкан жумуртка дары ордуна жүрөт. Тагыраак айтканда, адамдагы зат жана энергия алмашууну калыпка келтирип, ден соолукту чыңдоого салым кошот дешет.


Элдик медицинадан

РОЗМАРИН КАН БАСЫМДЫ ЖӨНГӨ САЛАТ
Бул өсүмдүктүн жалбырагы кан айланууну жакшыртып, нерв системасын бекемдейт. Андыктан жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алууда жана айыктырууда колдонулат. Аны кан айлануу бузулганда, артериалдык кан басым төмөндөгөндө чай ордуна колдонсо болот. Ал үчүн 2 чай кашык розмаринди 1 стакан кайнак сууга салып, 10 мүнөт демдейбиз. Дары чай эртең менен жана түштөн кийин 1 стакандан ичилүүсү шарт.

СӨӨК БЕКЕМ БОЛСУН ҮЧҮН...
5 жумуртканын кабыгын абдан кургаткандан кийин упадай кылып майдалап, үстүнө 2 лимондун ширесин кошобуз. Алынган шире канча өлчөмдө болсо, 2 күндөн соң үстүнө ошончо өлчөмдөгү арак куюлат. Дары суюктукту күнүгө 3 маал 1 аш кашыктан тамак менен кошо кабыл алуу зарыл. Жумуртканын кабыгындагы кальций – сөөктөрдү бекемдөөдөгү эң мыкты каражат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(10)
04.07.2011. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми бир жолу адам торой турган уйларды да жаратып койсо аял алып уйлонуштун кереги жок болуп калат!!! Ушулар Аллахттын каарына калып олбосо эле болду цивилизация деп журуп!!!
06.07.2011. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gumaw, anan emne ui menen jashai berebiz degeni turasyzby?
10.07.2011. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gumaw, ошону айтсан! эненин сутун эч бир нерсе алмаштыра албайт!
05.07.2011. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ойлоп чыгышыптыр, музоонун сүтүн-төрөп анан таштап кеткен аялдардын балдарына беришет.Эненин сүтүн эмген бала чыйраак болот эмеспи!Кытай элдик медицинасы эмнелерди гана ойлоп табышпайт.
06.07.2011. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
19zamir87, кытайдын жебегени аркадан чыкан еле калды
14.07.2011. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми ущул эле калды эле кытайлыктарга, эми этти дагы ошого бышырып жешсин, эт жумурткага караганда кобуроок дары болсо керек?
10.10.2011. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Заараны чогултуш учун бир кун кечке таза идишке заара ушатыш керек экен да...
13.10.2011. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жумуртаканын сатып алып, анын кабыгын майдалап, 2 лимон, 1 арак сатып алып уч кун аны еще кутуп журбой эле аптекадан даяр кальций алып ичкиле. Жумуртканын кабыгы ашказанга зыян, лимондун ширини жана арак дагы гастрит кылышы мумкун го!
13.11.2011. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shumdugun kurgur dese:o
09.04.2012. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жумурканын кабыгын жегенден коро аптекадан калций3дикомед алып ичкен жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо