ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

№452 1-7-июль, 2011-жыл

Нигерия

СЫРА ИЧЕМ ДЕП 25 КИШИ КАЗА БОЛДУ
27-июнда Нигериянын Майдугури шаарындагы үч сыраканада окшош сценарийдеги жардыруудан 25 киши көз жумуп, 30га жакыны жарадар болду. Күбөлөрдүн айтымында, мотоцикл менен келген кишилер сырттан сыракананын ичин көздөй бомба ыргытып, автомат менен аткылоого алышкан. Андан соң из жашырууга үлгүрүшкөн. Полиция кызматкерлери “бул терракттардын артында “Боко Харам” (“Батыштык түзүлүш-күнөө”) чагымчыл ислам тобу турат” дешүүдө. Аталган топтун көз карашы боюнча, мусулмандар коомдук түзүлүштү батыш өлкөлөрүнүн үлгүсүндө эмес, шарияттын негизинде түзүүлөрү керек. Исламдын негиздерин жайылтууну колго алган бул топ май айынан бери болгон сыраканалардагы жардырууларды уюштуруп жаткандыгын мойнуна алган. Алсак, булар 29-майда сыраканада жана 16-июнда полиция департаментинин имаратында жардыруу жасашкан. Анда жалпысынан 15 киши курман болгон эле.

АКШ

ЭМИ ЭРКЕККЕ ЭРКЕК, АЯЛГА АЯЛ ҮЙЛӨНӨ АЛАТ
Мына ушундай мыйзамды Нью-Йорк штатынын сенаты кабыл алды. Эми аталган штаттагы бир жыныстагы жарандар, тактап айтканда, эркек менен эркек, аял менен аял расмий түрдө үйлөнө беришсе болот. Бир жыныстагы жарандардын үйлөнүүсүнө АКШнын дагы 5 штаты уруксат берген. Алардын бири Калифорния штатында 2008-жылы жогорудагыдай мыйзам кабыл алынгандан кийин 18 миң жаран баш кошушкан.

Орусия

АКЧА ЖУТМАЙ МОДАГА АЙЛАНДЫБЫ?
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Москва шаардык өрткө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерин пара алып жаткан жеринен кармаганда ал колундагы 5 миң рублдук 7 кагаз акчаны оозуна салып, жеп салды. Бирок кызматкер күнөөсүн мойнуна алып, коркуп кеткенинен ушундай кадамга баргандыгын билдирди. Орусияда пара менен кармалгандар аны жеп салууну модага айлантышты көрүнөт. Алсак, 2010-жылы МАИ кызматкери 2 миң рублду жутуп жиберсе, 2011-жылы дагы бир МАИчи 15 миң рубль акчаны жеп салган.

Израиль

ЖАҢЫ СОГУШ СЕНТЯБРДА БАШТАЛАБЫ?
"Палестин автономиясынын эгемен мамлекет курууга болгон аракети согушка алып келиши толук мүмкүн. Эгер эгемендик жарыяланса, палестиндиктер көчөлөргө чыгышат. Анда согуштан качып кутулууга жол жок”,- дейт Израиль парламентинин Сырткы жана коргонуу саясаты боюнча комитетинин жетекчиси Шауль Мофаз.
Эске салсак, палестин лидерлери сентябрь айында БУУнун Башкы ассамблеясына 1967-жылдагы Израиль тартып алган жерлерди кайтаруу жана Израилден көз карандысыз мамлекет болуп бөлүнүү өтүнүчүн киргизерин билдиришкен. Бирок азыртадан эле мындай өтүнүчкө АКШ, Израиль жана Германия каршы экендиктерин жарыялады.

Бразилия

ЖАПАЙЫ АДАМДАР ТАБЫЛДЫ
Бразилиянын индейлер фонду Бразилия менен Перунун чек арасындагы Амазонка токойлорунан цивилизация менен такыр байланышы жок жапайы адамдардын тобун табышты. Аларды окумуштуулар спутник аркылуу байкап калып, жашоосуна кийлигишпей, сыртынан байкоо үчүн учактан сүрөткө тартышкан. Изилдөөнүн негизинде 200гө жакын жапайы адамдан турган бул топ төрт чоң үйгө бөлүнүп жашаары жана дыйканчылык менен оокат кылары такталган.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
04.07.2011. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча жутканды теледен көргөм.МАИ кызматкери пара алган жеринен кармалып ,машинесинин ичине кирип алып эшигин ачпай акчаны жеп салган.Машиненин сыртында операторлор камерага тартып жатса да акчаны жеп салган.(рубль заводдон эвро болуп түшсө керек)
04.07.2011. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеп салганы кызык го.
05.07.2011. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Паракорлор мн курошуп атышканын байкаса болот ))). ал эми бизде качан ушундай паракорлорду кармашат экен ...!
05.07.2011. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЭМИ ЭРКЕККЕ ЭРКЕК, АЯЛГА АЯЛ ҮЙЛӨНӨ АЛАТ дегенге 200% каршымын. Эмне эркекке аял,аялга эркек такыр табылбай калыптырбы.
06.07.2011. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздикилер паракорлорду кармаса алардан пара алышатда ошого кармашпайт!!!
07.07.2011. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akchanyda zheibeken molodes parakorchulardy zhokkyluu kerek
08.07.2011. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ak4anyn kuduretin kara.Kir ak4any jutup,andagy mikrobdor4u.Ak4a tigilerdi manipuljacija kylyp algan.Kulkun kelet.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо