-
Кыргызстан БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин вице-президенти болуп шайлангандыгын 27-июнда президент Роза Отунбаева билдирди.
-
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Алибаев Июнь окуялары боюнча издөөдө жүргөн өзбек лидери Кадыржан Батыров Украинанын Харьков шаарында экендигин маалымдады.
-
“Кыргызстандын сугат жерлеринин аянты өлкө аймагынын 4 пайызын гана түзөт. Союз убагындагы 1 миллион гектар сугат жер азайып отуруп, учурда 860 000 гектар гана калды”,- дейт Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институтунун башкы директору Жамин Акималиев.
-
2010-жылдын Июнь окуясында түштүк аймакта жабыркаган ишкерлердин ар бирине 50 миң сомдон, жалпысынан 44 миллион 400 миң сом көлөмүндө кайтарымсыз компенсация берилди.
-
Бишкекте быйылкы жылдын алгачкы 5 айында дарыгерлерге кенеден жабыркаган 639 адам кайрылган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге көп.
-
30-июнда туристтик сезонго карата Алматы-Ысык-Көл-Алматы авиакаттамы ачылды.
-
Быйыл КРнын Өкмөтү Баткен шаарынын көчөлөрүн оңдоо үчүн республикалык бюджеттен 98 миллион 130 миң сом акча бөлүп берген.
-
Жакынкы аралыкта Бишкектин борбордук көчөлөрүндөгү 101 аялдама жаңыланып, көрнөк-жарнак илгенге ылайыкталып жасалат. Бул үчүн шаар мэриясы аларды 5 жылдык мөөнөт менен инвесторлорго берет.
-
Ислам өнүктүрүү банкы Бишкек жана Ош шаарларындагы электр жабдыктарын жакшыртууга 23 миллион 80 миң доллар насыя бөлөт. Насыяны кайтаруу мөөнөтү 25 жыл.
-
Евразия өнүктүрүү банкынын кеңеши 28-июндагы жыйынында Кыргызстанды мүчөлүккө киргизүү боюнча бир добуштан макулдугун беришти.
-
Орусиянын Федералдык Коопсуздук Кызматынын (ФСБ) академиясын 9 кыргызстандык алтын медаль менен аяктады.
-
Өлкөбүздүн жарандык авиациясына жаңы радардык системаны орнотуу үчүн АКШ 30 миллион доллардык жардам көрсөтөт.
-
Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Манас” эпосун сактоого, өнүктүрүүгө жана даңазалоого байланышкан мыйзамга президент Роза Отунбаева кол койду.
-
20-29-июнь күндөрү КРнын Жаштар иштери боюнча министрлиги “Келечек жаштары” коомдук кайрымдуулук фонду менен биргелешип, республика боюнча коомдук, маданий жана спорттук иш-чараларга активдүү катышкан 600 студенттин Ысык-Көлдө эс алуусун камсыздады.
Эльвира Караева, Кубаныч Сыдыков