№452 1-7-июль, 2011-жыл
1-июлдан тарта Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы эс алууга тарашат. Күнгө кактанарга, жамбаштап жатып кымыз ичерге бир күн калганда депутаттар бир күндүк иш тартипке 50дөн ашуун маселени киргизишти. Бирок ал эки санаалаштын кайым айтышуусунан башталды.
Парламенттин эс алууга кетердеги соңку 30-июнундагы чоң жыйынына президент Роза Отунбаева катышып, сөз сүйлөдү. Ал президенттик шайлоонун тегерегиндеги маселелерге токтолуп өттү. “Шайлоо мөөнөтү жөнүндө негиздүү да, негизсиз да сөздөр айтылууда. “Шайлоо 2012-жылга жылдырылат” деген көп калпыс ойлор жүрөт. “Буга президент күнөөлүү” дегендери – куру доомат”,- деди президент.
Роза Отунбаева өз кайрылуусунда “Шайлоо жөнүндө” кабыл алынган мыйзам Өмүрбек Текебаевдин кароосунда экендигин билдирди. Анын айтымында, “ата мекенчи” депутаттын макулдугу жок мыйзам ары жылбай жатыптыр. “Өзүңөр калыс болгула, ким мыйзамды создуктуруп жатат?”- деп мамлекет башчы айтты.
Мындан кийин Өмүрбек Текебаев бир кездеги санаалашы Роза Отунбаевага ачуу аралашкан сөзү менен жооп берди. Депутаттын айтымында, азыркы болуп жаткан реформаны парламент гана жасап жатат. “Бул жерде өкмөт менен президенттин кыпындай эмгеги жок”,- деди Текебаев. Эгерде президенттин “таза шайлоону өткөрөм” деген миссиясы бар болсо, анда түрдүү саясий интригалардан алыс болууга чакырды. Жогоруда президент бул маселелерден улам Литвага баруучу сапарынан баш тартканын айтып өткөн. Буга байланыштуу “ата мекенчи” лидер: “Литвага болгон сапарымды токтоттум” дейт. Франция, Австрия, Чехия, Сингапурга чейин дүйнөнү кыдырып жүрүшөт. Өкмөт 17 миллион сомду үнөмдөй албай жатса, президент айылчылаганын токтотпойбу?”- деп тарс жарылды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Президент чет олкого чыгып мамлекеттин кызыкчылыгынын артынан жургонуно суюнгуло да! А англисче суйлой алганына сыймыктануу гана керек, Бакиев мырза англис тилин кой, орусча-кыргызча оюн тынгылыктуу айта алчу эмес, элди уялтып!
A Uroza ejekebiz srogu butup kala elekte ertereek ko4uktu kyjmyldatyp,ubakyttan pajdalanyp alajyn degen ele kep da!Azyr aga jizn6 nirvana bolup jatpajby.
Ekoo yras ele urushup ketken turbajby.Urushpasa biz munusun kajdan bilmek elek.:)
айтыптыр Текебаев