НАУШНИКТИ ТУУРА ПАЙДАЛАНУУНУ БИЛЕСИЗБИ?

№453 8-14-июль, 2011-жыл

Көчөдө же коомдук транспортто наушник тагынып алып, даңгыратып музыка уккан жаштарды кадам сайын жолуктурабыз. Мүмкүн, алар ошондон рахат алышат, бирок наушникти туура эмес пайдалануу зыян экенин унутпашыбыз керек.

ЖӨНӨКӨЙ ЭРЕЖЕЛЕРГЕ КӨҢҮЛ БУР!

  1. Наушниктен музыканын үнүн жогорулатып укса, кулактын угуусунун начарлашына алып келет. Бул начарлоо дароо эле байкалбайт. Ал убакыттын өтүшү менен беш жылдын аралыгында гана сезиле баштайт. Ошондуктан музыканы жандырып жатканда орточо бийиктиктеги үндү тандаңыз.
  2. Врачтардын айтуусунда, 90 децибелден (болжол менен темир жол вагонунун үнү) ашкан кандай гана үн болбосун, угууну начарлатат. Ушул себептүү үндүн бийиктигине өтө кылдат көңүл буруу керек.
  3. Ошондой эле дарыгерлер кичинекей наушниктерди кулакка тагуудан мурда дезинфекциялоочу каражат менен сүртүп коюуга кеңеш беришет. Бул кулакты инфекциядан сактайт. Мына ушул жерден сизге суроо: Канча жолу наушнигиңизди сүрттүңүз эле? Ал эми айланада канча деген микроб бар? Эми бул жагын өзүңүз ойлонуп көрүңүз.
  4. Кышында кичинекей наушниктерди такпаңыз. Алар суук өткөрүп коюшу мүмкүн. Эгер сиздин наушнигиңиз кичинекей болсо, анда аны баш кийимиңиз менен жаап коюңуз.
  5. Тынымсыз музыка угуп жүрө бербей, кулакты дагы эс алдыруу керек.
  6. Кызык, бирок тамеки чеккен адам наушникти көп колдонсо, жөнөкөй угармандан эки эсе көп зыян тартат.

НАУШНИК-КАБАРЛАР

Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча Евросоюз комиссиясы гаджеттердин (кичине өлчөмдөгү техникалык буюмдар) өндүрүүчүлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жаңы чыгуучу плеерлердин үнүнүн максималдуу бийиктигин логарифмалык шкала боюнча 100дөн 80 децибелге түшүрүү керектигин белгилеп жатышат.
Биз колдонуп жүргөн наушниктерден тышкары микронаушниктер бар. Алар абдан кичинекей жана көрүнбөгөн болуп, телефон, диктофон, Мр3 плеерлер жана башка үн берүүчү сигналдардын булактарына туташтырылат.
Бразилиянын Сан-Пауло шаарынын аэропортунда трагедиялуу окуя болгон. Бир велосипедчен бала наушниктен музыка угуп бараткан жеринен конуп келаткан учактын үнүн укпай калып, тепселенип калган.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(7)
12.07.2011. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
самолет коно турган жерде эмне кылып жургон эле.
12.07.2011. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Наушникттен музыканын үнүн жогорулатып укан көп кырсыктарга алып келген жашоо-турмушта.М:көчөдө баратканда транспорттун үнүн укпай калышың же кышында крышадан муз түшүшү башыңа ж.б. Ушундай себептер көп болуп өмүрүңө коркунуч тудурушу мүмкүн.Кээ бири науш. кулагына салып уктап калат(түшүнбөйм ал уктап жатабы же музыка угуп жатабы?)Айта берсең пайда
15.07.2011. 06:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алдын мода сыяктуу эле азыр коп деле жаштар наушник колдоно бербесе керек, андан да зыян иштер, нерселер кобоюп жатпайбы.)))
15.07.2011. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tuuura ele go
17.07.2011. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ooba tuura kop dangyrattyp uksan kaaryganda baldaryna ''yiaaaaaaa'' dep kalasynda, anan neberelerin chon enemdin kulagy ukpait deit.... ai ai ai tak chto akyryndatyp ukkula
03.08.2011. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи наушникти колдонбой эле койсо болот
24.05.2012. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи эле наушник такпай эле койгон жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо