Уланбек Султангазиев: «СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВГО ОКШОШСУҢ ДЕШЕТ»

№454 15-21-июль, 2011-жыл

Талантты Жараткан ар бир эле адамга бере бербейт. Көп өнөрдү насип кылып, ошол жолду ыраа көргөн адамдын тагдыры да татаал болуп калса керек. Сүрөтчү, фотограф, актёр, каскадёр жана акын Уланбек өзү тууралуу...

КЫСКАЧА

  • Улан 1984-жылы 8-июлда туулган. Нарындык жигит.
  • Жакшы санаалаштары бар, бирок кан досу жок.
  • Ар дайым жума намаз окуйт.
  • Акчага кызыкпайт, бирок күнүмдүк жашоого жетерлик акча дайыма чөнтөгүндө болот.

“ТӨРӨЛГӨНДӨ ЖЫЛМАЙЫП...”
– Апам мени “жаңы тө­рөл­гөндө колума алганда жылмайгансың” дейт. Жылмайып төрөлгөн жаным жашоомдо кандай оор кырдаалга туш келбейин, жылмайып гана коём. Чоң ата-чоң энемдин колунда чоңойдум. Кичине кезимде калем сыяктуу нерсе тапсам эле сүрөт тартып баштачумун. Кийинки кумарым жылкы болду. Аттын кулагы менен ойноп, аттан жыгылсам да болбой жармашып алчумун. Эс тартканда сүрөтчүлүк өнөрдүн аркасынан түштүм. Көркөм сүрөт окуу жайын аяктагандан кийин ар кандай сүрөттөрдү тартып, алар көрсөтмөлөргө коюлуп жүрдү.
Аттан жыгылып сөөктөрүм сынып, ошондон улам көп оорудум. “Кудай сүйгөн пендесине азап берет” деп коюшат го. Анын сыңарындай, мен 11 жолу оор операцияны башымдан өткөрдүм. Аман калганымдын себеби, менин дагы жасай турган көп иштерим бар окшойт. Үч жолу киши колдуу болдум. Бир эле жолкусун айтып берейин.
Бир жолу кеч чыгып калып, таксиге отурдум. Чөнтөгүмдө 200 доллар жана майда акчалар бар экен. Мен таксисттин көзүнчө досума чалып, “менде доллар болуп жатат, таксиге акча камдап күтүп турчу” дедим. Менимче, тигилер өтө көп доллары бар деп ойлошсо керек. Аркамда отурганы мойнума жип салып, башыма катуу урганда эсимди жоготуп коюпмун. Мен наркоздо жатканда башка чөйрөдө болдум. Маркумдар менен кезиктим. Акыркы жолкусунда Советбек Жумадылов менен көл үстүндө маектешип отуруптурмун.

“СҮЙҮҮДӨН ЖАБЫРКАДЫМ”
– Сүйүү мени менен кошо жаралса керек. Бир элес кичинемден бери эле ээрчип жүрчү. Ал адамды тымызын күтөр элем. Аны менен капыстан жолуктум. Алгач көлдүн ак куусу мени анчалык капарына албай жүрдү, көпкө сынады. Экөөбүздүн мамилебиз келишип калган убакта анын айыкпас дартка чалдыкканын билдим. Мен ал ооруса оорусун кошо тартышсам, ыйласа көз жашын сүртсөм дегем. Бирок ал аны каалабады.
Кудай ага көп нерсени (сулуулукту, ыймандуулукту, акылды) бергени менен, ден соолуктан айрып коюптур. Акыркы жолу телефон чалып, “мен ар дайым сенин жаныңда болом. Жамгыр жааса, анын тамчысына айланып, кыш болсо, карга айланып, дем алган абаң болуп жаныңда жүрөм” деп айтты. Ушул кыз мени көп ойлондурду, көп көз жаш төктүрдү. Азыр чет өлкөдө дарыланып жүрөт. Ички туюмум менен экөөбүз бул жашоодо чогуу болбой калганыбызды сезем.

“УЛУУ АКТЁРГО ОКШОШ ДЕШЕТ”
– Мени улуу актёр Сүймөнкул Чокморовго окшоштурушат. Бир жолу кышында филармониянын жанынан кетип баратканмын. Алдыман бир адам кайчылаш өтүп баратып, “токтосоң, жигит” деп калды. Мени көпкө тигиле карап, анан атымды сурады. “Сен актёр Сүймөнкулга окшош экенсиң” деди. Кесибимди сурады. Сүрөтчү экенимди айтсам, “баракелде, сенин өңүң гана окшош болбостон, талантың да окшош тура” деп сүйүнүп кетти. Ошол күндөн тарта Чокморов тууралуу изилдеп, ал адамды кумир тутуп калдым. Чокморовго окшошуунун өзү да чоң жоопкерчилик экен.

"Сүймөнкул Чокморов “менин эки канатым бар: бири – калем, экинчиси – актёрлук” деген экен. А менин үчүнчү да канатым бар. Ал – поэзия.

Көңүлгө сен сыяктуу толбойт эч ким,
Күн-түндөп муңдуу сүйүү суусун кечтим.
Баары бир шондо деле көксөөм суубай,
Көз көргүс алыс жакка келет кетким.

Жалганда жолукпасаң мейли, жаным,
Издебейт менден башка сени эч ким!
Эгерде бу дүйнөдө буюрбаса сени мага,
Акыретте кезигерим чын деп чечтим!"

Мен айтайын деген нерсемди сүрөт менен бергим келет. Эгер жеткире албасам, поэзия менен айтсам дейм. Анда да аксасам, ролдорум аркылуу жеткире алсам деп ойлойм".

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


Маек - Уланбек Султангазиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(28)
18.07.2011. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантын ташкындай берсин!!! Чокморовдой кыргызды алыска тааныткан гений бол!!!
18.07.2011. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биринчи жолу коруп атам ...ну ишине ийгилик
18.07.2011. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик!талыкпа!
18.07.2011. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алга ийгилик сага
18.07.2011. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat!den soolykta bol!!!
18.07.2011. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kozymo koz jash tolyp ketty,yryn dagy bir ozgocho,Azamat
19.07.2011. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба,азыр бизге кыргыздарга силердей мырзалар к-к себеби Суймонкулдун Чынгыздын деги Манастын да ордун биро басыш к-к да
19.07.2011. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эр жигитке 70 өнөр аздык кылат дейт, Азаматсың Улан, арабызда сендей мыкты азаматтар арбый берсин!
19.07.2011. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башкы каармандан да жогору денгээлде ойногон Терс образдарды да жеткире ойнойт Суротчунун жан дуйносу сулуу бай дейт бул онорду окуп да уйроно албайсын талант бербесе Ат устундо ойногон биздин жигиттер м-н сыймыктанса б-т Кудай онор бериптир омурда берсин
19.07.2011. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
.Ийгиликтерди каалайм.Онорун оркундосун мындан ары да!!! Ал эми ырын журоктон чыккан ыр экен. Бул ыр менин жетпей калган алгачкы махабатымды эстетип отту!!!
20.07.2011. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйлогону,корунушу аябай кайгылуу экен.Ийгиликтерди жана кыялындагы куткон кызга жолугуп,БАКТЫЛУУ болушунду каалаймын!Азаматсын!
SUPER.KG видео
20.07.2011. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буркут бир кана Буркут ииииииииийт)))) Молодец аябай таланттуу жигитсин))) Ийгилик сага))
SUPER.KG видео
20.07.2011. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир башкача ой жүгүрткөн адам экен)))
SUPER.KG видео
20.07.2011. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм бул адам жонундо айта берсем соз коп, кыскасы ар бир созу ар бир кыймыл аракетине топ келет. рольду до берилип образды чыгара ойногону жагат.
20.07.2011. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм бул адам жонундо айта берсем соз коп, кыскасы ар бир созу ар бир кыймыл аракетине топ келет. рольду до берилип образды чыгара ойногону жагат.
анан да Нарындан ушундай агаларым бар экенине сыймыктанам. ишинизге ийгилик ар дайым кыргызымды алыска таанытып бар болунуз
SUPER.KG видео
20.07.2011. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таланттуу жигит! Бир башкача адам. Агенттен бир демени жазып аябай кулдургон
21.07.2011. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгиликтерди каалайм!
SUPER.KG видео
21.07.2011. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4.30минутадан бир ыр башталат экен. ошол кайсы ыр?! мага ошол жонундо маалымат берип койгулачы, сураныч!
SUPER.KG видео
21.07.2011. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча соонун жигит) Гений го тим эле) Мен тушунбой калдым. Кичинекей убагында, бул жигит ыйлап отурганда бир кыз келип, чоп менен мурдуна сайгалап таарынычын жазган кыз жашоодо ошондой болгон бекен же ал да тушубу? "Жашоомдо бир корунчу мага деп сурандым. Анан кордум"-дейт го. Ошонусуна тушунбой калдым...((
21.07.2011. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец!!!!!
Талантынызга баа берем, дагы чоон чоон ийгиликтерди каалайм, оркундоп осо бериниз!!!!!
21.07.2011. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда искусствонун бул тармагы анча онукпой келет. Себеби чыныгы артисттердин айлыгы аз, режиссерлордун тартканга чамасы жок. Анан Уланга окшогон кочо актерлору кобойду. Кочо дегеним, мурдагыдай болуп жуздогон ролду ойноп, сындар айтылып, театрдан айдалып деген кыйынчылыктарды баштан кечирбей эле "даяр" актерлор. Чокморовго жетиш учун көп бар сага. Сырткы кебетен, сурот тарканын окшош болушу мумкун, бирок талант жактан тээ ат чабым аркадасын, аны моюнуна ал.
24.07.2011. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХАНЗАДА, мен Чокморовго тенме тенмин деген жок го, жакшылап окуп туруп жазсан, аны кумир тутуп калдым... жоопкерчилик деп жатат. Улан, Чокморовдон ашсан аш, асты кем калышпа, ийгилик!
22.07.2011. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Filosofijalyk teren oj jugurtkonu meni tang kaltyrdy.Jurogunun tupkurunon chykkan yrlary,ajrykcha "Umut" jonundo,jurogumdu kysyp jiberdi.
Talanttuu adam ekensiz.
24.07.2011. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын!!! Иним!!! Нарындан чыккан Суймонкул!!! Керек болсо сен андан ашышын керек... Ийгилик!!!
29.07.2011. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазган ырлары жакты...Жигитке жетимиш онор аздык кылат деген макал бар эмеспи кыргызда...Ошондуктан талантыныз ар тармактан ташкындай берсин!!!Ийгилик каалаймын!!!
30.07.2011. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байке ишине ийгилик, Kgга барсам сизге созссуз жолугам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо