КЕЛДИБЕКОВ БАЛИГЕ БАРАМ ДЕП БАЛЭЭГЕ КАЛДЫБЫ?

№454 15-21-июль, 2011-жыл

Коомдун назарында ЖКнын төрагасы Ахматбек Келдибеков менен кеткен делегациянын Түштүк Чыгыш Азияга барган сапары. Ага бюджеттен 10 миллион сомдон ашуун акча кеткендиги айтылууда.

“Спикер Ахматбек Келдибеков Малайзия жана Индонезияга “Кыргызстан” авиакомпаниясынын учагы менен 40 депутатты учкаштырып, Бали аралына бир аптага чардаганы кетти” деген сөз дуу эле тарады.
ЖКнын делегациясы 10-17-июль күндөрү расмий сапары менен Малайзия жана Индонезияга кетишкен. Жөнөкөй каттам менен эмес, литердик каттамды, башкача айтканда, аларды гана ташуучу атайын учакты жалдашыптыр. Ал эми Президент Роза Отунбаева чет мамлекеттерге барган көпчүлүк сапарларында катардагы эле каттам менен учуп жүрөт. Айтмакчы, буга чейин бай деп айтылган Малайзиянын спикери деле 5-6 депутаты менен эч кандай учакты өзүнчө ээлебей, жөнөкөй каттам менен келип кеткен.
Экинчиден, «депутаттардын саны – 40 эмес, 15»,- деди ЖКнын басма сөз кызматы. Бирок бул эч нерсени өзгөртпөйт. Эмне үчүн депутаттарды өзүнөн көп коштоочу ээрчип алган? Анын ичинде Ахматбек Келдибековдун жубайы жана дарыгери да бар. Интернет сайттарда буга байланыштуу: “Бала-чакасын, тууган-туушкандарын, ит-мышыгын деле ээрчитип алса болмок экен”,- дешүүдө.
Үчүнчүдөн, эмне үчүн депутаттар эс алуу учурунда расмий сапарга барышат? Алардын иши мыйзам чыгаруу эмеспи? Анда өкмөт эмне кылып отурат?
Бали аралы боюнча айтсак, ал жерге конуп кетүү сунушу болуптур. Элдин камын ойлогон биздин депутаттар каражатты үнөмдөйлү деп баш тартышкан. Буга “оп, бали” дейли. Тилекке каршы, бул актануу да жарабайт. Бали бир арал, ал эми алар барган мамлекеттин өзү курорттук зонага кирет. Экзотикалык мамлекетке жөнөшөрдө эле депутаттардын «дүңүнөн» жөнөп бергени кызык баарынан.
Өткөндө “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев «Роза Отунбаева айылчылаганын токтотсун» деген болчу. Эми башкы “ата мекенчи” кесиптештерине кандай сын айтар болду экен?
Кезектеги депутаттардын акылга сыйбаган жоругун эл кандай кабыл алат? “Делегациянын курамын кыскартып, катардагы каттам менен учса болот беле?” деген суроолор алар келгенден кийин нөшөрдөй жааса керек.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(47)
19.07.2011. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эненди урайындар десе
19.07.2011. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Эх,олбогон жанга бир жыргап алалы" дешкенго. Оздорунун чонтокторунон 1 тыйын кетпегенден кийин,баштары да оорубайт да. Кызыксынар,элди эмнеге ойлошмок эле,жашоо керемет болуп жатса.
19.07.2011. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Крокодиль учабы деп сурасан, жерден 1 метр учат деген ушул спикерлер болот
19.07.2011. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдин самалету м-н эмес,өзүлөрүнүн самалету менен учканы жакшы болуптур.Эми учкан жагынан келбей коюшса да мейли!Алар азыр загар алып жатышса керек кулактары кызып,ойлошсо керек күнгө кулагыбыз кызып жатса керек деп,а бул жакта жамандап жаткан м-н иштери жок.
10 миллион буларга эмне,көтүн да аарчып кое беришет...Элдин самалету м-н эмес,өзүлөрүнүн самалету менен учканы жакшы болуптур.Эми учкан жагынан келбе
19.07.2011. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ishengen koium sen bolson kepshegenin kurusun.kyiynchylykta jashagan malaisia emes nanga akchagsy jetpegen eldin ubaly silerge tyisin
19.07.2011. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге спикер депутаттардын эч кандай кереги жок,биз озубуз менен озубуз эле жашап келе жатабыз жана жашай беребиз.Алардын пайдасынан зыяны коп болуп жатат...
20.07.2011. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир депутат 80% Кыргызстандын казынасынан жеп 20%тик пайда алып келишет.Оздорунун пайдасын ойлобой елди да ойлоссунда
20.07.2011. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтасынар жердештер, булардыкы резина окшойт жеп эле келтат качан жарылат деги. Откон жылдары таныштарымдын айтуусу боюнча Келдибеков шаардагы кафе-ресторандын биринде Улукбек Ормонов менен арак ичип 900 сом барына толобой официанттарын согуп озунун телехранителдерине таянып милицияыны тонотпой ит болуптур. Ошол акчаны даже Улукбек Ормонов деле толоп койбой, кийинчирек телехранители толоптур. Озулорунун чонтогуно келгенде бир сомдон бери эсептеп, элдикине келгенде милиондоп чачат эшектер
20.07.2011. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
булар учун узун туш. аркы дуйного барганда жеген акчаны тилинен сыгып чыгарып алса экен.
20.07.2011. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Кыргыз калкым, ушул депутаттарды бир кезде озубуз колдоп, мактап шайлаган элек го. Шайлоо мыйзам бузуу менен отту деген менен баарибир эл шайлады да копчулугун. Мына ал кездеги убадаларын унутушту, эшеги ылайдан отту да, каалаганын кылып жатат. Акчага оз добушун саткандар арабызда мин деп саналары талашсыз. Андыктан ардактуу достор келе жаткан президенттик шайлоону таза, добушту сатпастан откоролу.
20.07.2011. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аеропорттон тосуп алыш керек эле,жакшы эс алып келдиниздерби деп.эртен эле айтышат"иш сапары менен барып,келишим тузуп келдик" деп уялбай.кийинки келээрибизге деп,дагы бир эс алуу жайын суйлошуп,келишим тузуп келгендир...
20.07.2011. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай-ааай, оптом кетишип, аман-эсен келгендери жаман болуптур да. Ошо кеткен жагынан келбей калышса жакшы болот эле. Мындайда учактар дагы бузулбай калганы закон подлость.
20.07.2011. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне үчүн баары депутат болгусу келет? Эл өкүлдөрүнүн Балиге сапары жогорку суроого жооп. Эгер мен спикер болсом Балиге эмес, Гаваи аралдарына бармакмын. Анан дагы кесиптештерим менен эмес, башка бирөөлөр менен... Эх жайкы эс алууну "на уровне" өткєрүш керек да чынбы достор?
20.07.2011. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Актанууну баштады Акматбек мырза "Малайзияга барганда моралдык жактан оор болсо дагы, төрага катары бетим кызаруу менен алардан жардам берүүнү өтүндүм" деп баштаптыр. Кызык, Малайзияга жубайы менен барып жардам сурайт бекен?
20.07.2011. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакуга кошулам. Он беш депутатты пир кылып, калганын иттей кылып ээрчитип, анан дагы атайын учак жалдап, бир жума чет жерде "иш сапар" деп шылтоолоп жүргөндөргө ким ишенип жардам берсин ыя?
20.07.2011. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жылы биз ХИПКке киребиз дегенде атайын эксперттер келишиптир Кыргызстанга. Караса баары эле 100 миң доллар турган ЖИПтерде чалкалайт, кечинде казы-карта дегендей... Анан эксперттер айтышыптыр: "Кайсы арыңарга ХИПКке киргени жатасыңар? Уялсаңар боло",- деген тура.
20.07.2011. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынын айтсам мага бир дагы жаккан жок кылгандары. Жинди келтиришет ушунтип. айылчы дегн сөз туура айтылган, бирок жалгыз президент эле эмес, бул сөз баардык чоңдорубузга жарашат.
20.07.2011. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булардын баарын Отунбаеваны баш кылып соттош керек таза айкын сот менен.
21.07.2011. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эс алсын да, чарчады да)))
21.07.2011. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Литердик самолеттун акчасын жеке ишкерлер толошту. Анан анча-мынча казынадан да кетти акча" дептир. Келдибековго 10 миллион сом анча-мынча деген маанини билдирет экен. Баса, аялын эмнеге кошо ээрчитип кетти дегенге "коллегам ал жакка жубайы менен келген экен, мен да ала бардым, протоколдо ошентип жазылыптыр" деп актанды Акмат бай.
21.07.2011. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
200 000$ сарпташып келишиптир. сом менен 9 000 000 сом! Элдин казынасындагы акчаны кичине уномдоп колдонушса болмок экен, чача беришпей. И так олкобуз кыйналып турганда. Же ошол сапарында бир нерсени кыйратып келишсе, мейли эле. Вообще булар туура эмес кылган, ар бир партиядан бирден-экиден депутат барса болмок! А чакырган тарап бардык кеткен чыгымдарды оздору толоп берсе, хоть дарыгер эмес, уй жумушчуларын ала кетишсин!
22.07.2011. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир айтасынарбы,эки айтасынарбы буларга баари бир.Озулорунун ойунда булар бир тоону антарышып,туура иш кылып жатышат.
22.07.2011. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ee bul atka minerler ka4an bir nerseni kiyratti ele. otkondo bizdin ukuk korgo4ular amerikaga kirgizstandan bargan jetim baldardin abali menen taniwkani bariwip, birok abaldarin taaniwmak turgay ameikanin beker bergen ak4asi menen dukondon dukongo kidirip,oozdoru a4ilip birin4i jolu korup jatkanday bolup barip kaytiwti,ozdorun kolhoz ekendikterin korsotuwup. Emi alar KG'ga kelip aliwip toodoy iw kilip keldik dep maktaniwat ta e? anan dagi biz ukuk korgoybuz dewet uyalbay!!!!!!!
22.07.2011. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ej bul Ajbanizm!
Keldibek- AKMAKbekov ekensin!
Urdum silerdi
22.07.2011. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодоестер да, эптеген экини жейт, жей бергиле колунардан келгенче,.... ниетибизге жараша болот да баары,..
эшегине жараша кашеги, эмнесине жараша тушагы дечу эле???????
23.07.2011. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимдин ким экени ушинтип эле билинмек.
24.07.2011. 04:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
turmodo otura turgan kishiler el bashkaryp jurushot ne degen shumduk bular jyrgatpai kaaldy go kyrgyzdy ashata ele sogoiun deisin
24.07.2011. 04:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
120 deputatka karaganda 1 migrant erdik kylyp jatat azyrky kundo aiyrmasy myndai 1 migrant 1 uui-bulonu bagat bular bolso eldi tonoit. emi chynynda elbagaar kim? elsataar kim?
24.07.2011. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына сага парламенттик башкаруу эн сонун, ушуга окшогон кыныр иштери заматта билинип эл талдай баштайт. Ал эми эгер президенттик башкаруу болсо ушуга окшогондор комускодо калмак.ОШОНУ УЧУН КЫРГЫЗ ЭЛИМ ПРЕЗИДЕНТТИК БАШКАРУУГА ОТОБУЗ ДЕГЕНДЕРДИ КОЛДОБОГУЛА!!!!
24.07.2011. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Парламенттик башкаруу эн сонун, ушуга окшогон кыныр иштери заматта ачыкка чыгат. Эгер президенттик башкаруу болсо мындай кылык жооруктары комускодо калмак. Ошону учун Кыргыз Элим шайлоодо президенттик башкарууну колдогон кандидаттарды Колдобогула!...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо