Улуу айымдарга кызыккан КИМ БОМ

№455 22-28-июль, 2011-жыл

“Мыкты жигиттер” сериалындагы 4 жигитке ашык болгондор көп эле болсо керек. Кезек кыз жандуу, жылмайыңкы жигиттин ролун аткарган Ким Бомго келди. Сериалдан соң кыздардын кыялына айланган Ким Бомго кызыксаңыз, төмөнгө караңыз.

Толук аты-жөнү – Ким Сан Бом
Кесиби – Актёр, ырчы
Туулган жери – Түштүк Корея
Туулган жылы – 1989-жыл, 7-июль
Бою – 181 см
Салмагы – 63 кг
Хоббиси – Футбол жана бейсбол
Билими – Кёнбок (Gyeongbok) мектебин аяктап, 2007-жылы Чунан (Chung-Ang University) университетинин Кино жана театр бөлүмүнө тапшырган

«КЫЗДУУ БОЛОТ ЭКЕНМИН ДЕП ЫЙЛАП...»
Ким Бомдун ары табышмактуу, ары жагымдуу жылмаюусу жаңы төрөлгөндө эле бар экен. Балакайды ким колуна албасын, дайыма бактылуу жылмаюу менен жооп берчү. Актёрдун апасы интервьюларында: “Мен Ким Бом төрөлөрдө түш көргөм. Түшүмдө 3 жакшынакай торопой жүрөт. Алардын бирөөсүн колума алдым, ал эми экөө эки жагыма коргоочу болуп жабышып алышыптыр. Ошондо мен колумда укмуш сонун ургаачы торопой кармап турганымды сездим. Чочуп ойгонуп, “кыздуу болот турбаймынбы” деп аябай ыйлагам. Анткени мен уулдуу болууну кыялданып жаткам. Уул төрөгөндө катуу кубангам”,- деген. Ким Бом бала чагынан эле ар тараптуу болчу. Корейлердин өзгөчө жөрөлгөлөрү бар экен. Наристе 1 жашка чыкканда алдына ар кандай буюмдарды коюп, ал эмнени тандаса, ошого жараша кайсы бир кесиптин ээси болорун жоромолдошот. Ал эми Ким Бом биринчи туулган күнүндө тыйынды, андан соң калем сапты тандап алган. Андыктан апасы билимге умтулган окумуштуу адам болот деп жоруган.

АТАКТУУЛУК АЙДЫҢЫНДА
2006-жылы KBS каналы тарабынан уюштурулган “Survival Star Audition” аттуу жаш актёрлордун сынагына катышып, 17 жаштагы Ким Бом миң катышуучунун ичинен ондукка илине алган. Алгачкы жолу актёр “Кыжырды келтирген аялдар” (“Возмутительные женщины”) сериалында өзүн сынап көргөн. Андан кийин биринин артынан экинчи сунуш түшүп, тасмаларда роль жаратып, атактуулукту 2009-жылы чыккан “Мыкты жигиттер” тасмасынан алган.

ЧЫНЫГЫ ЖАШООСУНДА ДА КЫЗ ЖАНДУУ
Ким Бом экранда эле эмес, чыныгы жашоосунда да кыз жандуу. Ал 18 жашка чейин 6 кыз менен сүйлөшкөн. Бирок актёр кайсы кыз менен сүйлөшпөсүн, жүрөгүн багындырган бир да айым болгон эмес. “Жүрөгүмдү багындыра ала турган айым сөзсүз түрдө менден улуу болушу керек. Анткени алар менен тил табышуу мага жеңил”,- деген Ким Бом маектеринде. 17 жашында өзүнөн 2 жаш улуу айым менен мамиле түзүп көргөн. Анын эң кыска сүйүү романы бир ай болсо, эң узуну бир жылга созулушу мүмкүн. Айтмакчы, “Мыкты жигиттер” тасмасындагы Чан Динин курбусу Га Ылдын ролун аткарган актриса Ким Со Ён менен чыныгы жашоодо да кыз-жигит болгон. Актёр Түштүк Кореяда моделдик бизнести да жакшы өздөштүрүп кеткен. Аны көчөдөгү көрнөк-жарнактардан сулуу кыздардын курчоосунда көп кездештирүүгө болот. Учурда ата-энеси, карындашы жана жээни болуп жашашат.

Бир собол

«F4төгү» 4 ЖИГИТТИН КИМИСИН ЖАКТЫРАСЫЗ?

АСЕМА, актриса:
– Мага тасмадагы 4 жигиттин арасынан Ким Бом жагат. Анын аткарган ролун, айрыкча кийинүү стилин өзгөчө баалайм. Кайсы жерде болбосун, жылмаюусунан жазбаганы да жагымдуу. Образды мыкты жараткан.

ЭЛИНА АБАЙ кызы, актриса:
– Мен да элден калбай бул тасманы көргөм. Мага төртөө тең жакпайт. Кыздардан айырмасы жок. Чач жасалгасы, кийимдерине жиним келе берет. Эркектин эркектей эле болгону жакшы да!..

КАЙЫРГҮЛ, ырчы:
– Бул тасманы өтө деле берилип көргөн эмесмин. Төртөөнүн ичинен мага башкы ролдогу Ли Мин Хо жагат. Анын келишкен келбети, шыңга бою бардык эле кыздарга жакса керек.

Лунара Бекиева
star@super.kg


Жылдыздар жөнүндө - Ким Бом

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(26)
25.07.2011. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун
25.07.2011. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ой, Элина! Кыздардай болбой эле балдардай го алар! Кыз болуп не юбка кийип журушот бу? Таптаныкакй балдар! Кыргыздардын арасынан мындан жашынакай балдарды таба албайсын! Бой деген бар, аябай жагымдуу коздору бар, мускул дары бар (Ли Мин Хо менен Ким Хён ЧЖундуку), ээри сонун...! Кыздарга жакшы отношения кылат, биздин балдарга караганда, а биздин балдар "Э, бери келичи.." дегенден эч нерсе билишпейт!
26.07.2011. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nebad, озунду жакшы алып журсон, эч ким андай мамле кылбайт. Просто сен ошондойлорго кезигип калгансынго. Ошон учун биринчи озунду сыйла, суй, анан сени суйушот. Ухоженнной болуп, озуно уверенной болуп журсон, сени эчким Э бери келчи деп чакырбайт.
28.07.2011. 07:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elya2404, азаматсын абдан туура баа бергенсин nebad жонундо
29.07.2011. 06:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nebad, Неге, биздин Кыргыз жигиттерибиз да жакшыы, аларга караганда, сен аларды турмушта коро элесин да.Может , турмушта ото начар адамдардыр.А жанында жургон озубуздун жигиттерибиз, кичинее копоолураак болсо да алардан отооот.....:)Мен Ким Сам Бомдун талантын гана баалайм, лично озуно кызыкпайм.....Эмии, жеке оюм даю.....:)
25.07.2011. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздын кыздары башка улутту мактагандан башка эмне кыла аласынар айткылачы

же нары тийип кеткиледа балжырап кыргыздарда жок дей бербей
29.07.2011. 06:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lider-kg Капа болбоо, биз кыздар озубуздун Кыргыз жигиттеринен башкаганы карабайбыыз:).силерди сыйлайбыыз.:)ДАЙЫМА!
25.07.2011. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын кээ бир кыздары буларга караганда чыйрагыраак!!!
25.07.2011. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nebad кыргыздын жигиттери жакпаса кореецтерге турмушка чыгып ал?Ар бир областта атайын агентство бар кореецтерге турмушка чыккысы келгендер учун барып кайрылсан болот.
25.07.2011. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага наоборот мындай типтеги жигиттер жакпайт, не рыба, не мясо болгон. Бала болсон шок бол, шок болбосон жок бол дешетго.:-)
26.07.2011. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЭЛИНА АБАЙ КЫЗЫна кошулам.кыргыздын жигиттерине жетпейт
26.07.2011. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzdyn jigitteri jetpeyt desen
26.07.2011. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лунара мыкты статья жазыпсын азамат алга !!!
26.07.2011. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элина туура айтасын,эркек деген эркектей эле болуш керек.
27.07.2011. 05:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу эле, бирок нежный, ак кол ошон учун жакпайт да ушулар...Аман эле болушсун.
29.07.2011. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага ким бам жагат чем гу джун пе!!!!!!!!!!!!!!!
29.07.2011. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызымдын кымыз жыттанган баласына ким жетсин!айткылач...эчким!
30.07.2011. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
надоели каяктагы хуй чин пинь дер жонундо жазып.кызыктуу эле окуялардан жасанар боло.
31.07.2011. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Juliana туура айтасын. :-))
31.07.2011. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силер жакшыраак комментарий бергенди билесинерби деги. Ар улуттун оз озгочолугу бар. Кореецтер кыргызга, кыргыздар аларга окшошпойт. Все!
01.08.2011. 04:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Izana, жакшыга жакшы эле беребиз. Сен озун просто чындыкты жазгандарды эле жаман деп кызыгып окуйсунго дейм.
SUPER.KG видео
03.11.2011. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга
SUPER.KG видео
22.11.2011. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Kim San Bum!!!Бут баарын оз кучу менен женип алат!!!
SUPER.KG видео
29.12.2011. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KIM BUMду жакшы кором. Оркундой берсин!
SUPER.KG видео
25.03.2012. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мынча сулуусун ,талантын ташкындай берсие ,мен сени жакшы кором
SUPER.KG видео
02.07.2012. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kim san bom jana Gail baktiluu bolgula
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо