БИРИҢЕРДЕН БИРИҢ ЭР, АЖО БОЛЧУ КИМИҢЕР?

№455 22-28-июль, 2011-жыл

«Жакында президенттик шайлоо болсо, кимисине добуш берет элеңиз?» деген сурамжылоонун кезектеги жыйынтыгын тааныштырабыз. www.super.kg расмий сайты менен катар Ош жана Бишкектеги сурамжылоолордун жыйынтыгы боюнча ажо болчулардын мүмкүнчүлүктөрүн карап чыктык.

WWW.SUPER.KG сайтынын сурамжылоосу (5%дан көп добуш алгандар):
Алмазбек Атамбаев (16,3 %), Өмүрбек Текебаев (16%), Адахан Мадумаров (15,5%), баарына каршы (9,5%), Камчыбек Ташиев (8%), булардан башкасына (7,4%), Мелис Мырзакматов (5,2%).

“Дизель” форумунун сурамжылоосу (5%дан көп добуш алгандар):
Баарына каршы (19,6%), Нариман Түлеев (13,8%), Феликс Кулов (11,5%), Алмазбек Атамбаев (8,7%), Темир Сариев (6,4%), Өмүрбек Текебаев (5,8%), Өмүрбек Суваналиев (5,2%).

“Акипресс” сайтынын сурамжылоосу (5%дан көп добуш алгандар):
Алмазбек Атамбаев (18,7%), баарына каршы (14%), Өмүрбек Текебаев (8,4%), Адахан Мадумаров (8%), Марат Султанов (6,4%), Темир Сариев (5,7%), Камчыбек Ташиев (5,5%).

Популярдуу деп аталган сайттардын жыйынтыгын талдап көргөндө, жалпысынан “АКИpress” менен www.super.kg сайтындагы сурамжылоолордун жыйынтыгы окшош чыкты. Андагы ысымдар дээрлик жанаша жүргөндүгү даана көрүнөт. Ал эми орус тилдүү колдонуучулары басымдуу болгон “Дизель” сайтынын жыйынтыгы кыйла айырмаланып турат.
Баса белгилөөчү жагдай, www.super.kg сайтынын колдонуучулары басымдуу кыргыз тилдүү болушса, ал эми “АКИpress” менен «Дизель» сайттары, негизинен, орус жана кыргыз тилдүү колдонуучулардан турат.

Ош шаары боюнча (5%дан көп добуш алгандар):
Адахан Мадумаров (43,5%), Камчыбек Ташиев (29,5), Мелис Мырзакматов (14%), Акматбек Келдибеков (10%).
Сурамжылоону жүргүзгөн Уулбү Каныбекованын айтымында, 40-45 жаштан жогору шаардык тургундар, негизинен, Адахан Мадумаровду тандашкан. Алар муну “бул киши азыр кызматсыз” деген сыяктуу сөздөр менен түшүндүрүшкөн. Ал эми 20-35 жаштын өкүлдөрү жалпысынан Камчыбек Ташиев менен Мелис Мырзакматовго добуш беришерин айтышкан. Сурамжылоого жалпысынан 200 киши катышкан.

Бишкек шаары боюнча (5%дан көп добуш алгандар):
Алмазбек Атамбаев (20,5%), Өмүрбек Текебаев (20%), Адахан Мадумаров (12,5%), Өмүрбек Бабанов (10%), баарына каршы (8%), Темир Сариев (6,5%), Феликс Кулов (6%), Камчыбек Ташиев (5%).
Ал эми Бишкек шаары боюнча абал бир топ башкача. Анда 40-60 жаш курактагы жооп берген эркектер басымдуу түрдө Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевди тандашты. 25-35 жаштагы эркектер көбүнесе Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиевге добуш беришкен. Cалыштырмалуу жаш саясатчы болгон Өмүрбек Бабановго, негизинен, аялдар өз колдоосун билдиришти. Сурамжылоого жалпысынан 200 киши катышкан.

СОҢКУ СӨЗ ОРДУНА
Беш түрдүү булак боюнча сурамжылоонун орточо жыйынтыгына ылайык, Кыргызстандын беш саясатчысы президент болушу мүмкүн деген тизмеде алдыга чыкты (6-орунда Ф.Куловдон анчалык аз эмес артта Н.Түлеев турат). Интернет чөйрөсүнүн колдонуучулары сурамжылоого жандуу катышкандарга караганда, «баарына каршы» деген жоопту көбүрөөк узатышкан. Демек, бул топтун өкүлдөрү кырдаалдын өзгөрүшүнө карай өз тандоосун шайлоого чейин өзгөртүшү да ыктымал.
Ош шаарындагы сурамжылоонун катышуучулары, негизинен, А.Мадумаров, К.Ташиев жана М.Мырзакматов менен чектелүүнү туура көрүштү. Ал эми Бишкекте катышкандардын жооптору көп кырдуу чыкты.
Президенттикке аттанчу талапкерлердин арызы БШКга берилип бүтө электигин эске алсак, анда сурамжылоолордун сезону али алдыда экендигин айта өтөлү.

Эльвира Караева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(39)
25.07.2011. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээээх, качан ушундай жердешчилдигибизди таштайбыз ыя?..
25.07.2011. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ким президент болсо дагы Кыргызстан онолбойт.себеби элди ойлогон адам жок.
25.07.2011. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз КЫРГЫЗДАР чындыгында куноону башка бироого жуктобой, озубуздон королу. Азыр, аябай окунучтуу, кыргыз элибиздин тушунугу карангы, пас болуп калды. Бирин-бири алдамай, тономой, бирин-бири коро алышпайт, кичине ийгилике жетишип келатса буттан тартып жыгабыз, президент, чиновниктер бери турсун. Биз алгач озубуздун тушунугбузду, психологиябызды ондошубуз керек. Мындай акыбалда кетсек, чындыгын айтайын СУПЕР ПРЕЗИДЕНТ келсе да олкобуз онуго албайт. Келгиле кыргыздар, ойлонолу, ойгонолу!!!!!!!!
25.07.2011. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандидаттын баары эле карышкыр болуп калгандар экен,баары эле Акаевдин да,Бакиевдин да заманында иштегендер.Менин оюм боюнча такыр эле башка,сасык саясаттка малынбаган,Путин сыяктуу тапталып келген бироо болсо дейм да....Бирок ошол "бироону" табыш кыйын болуп турат учурда.Башында баары эле соз менен жыргатып аягында жеп-тоноп качып атышат Атка минерлерибиз бири-бирин чукубай,,андан коро баары бириксе татыктуу талапкерди тарбиялап коюшат беле.....
25.07.2011. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nationalist -сен эн туура баа бердин.Сен айткандай супер прездент келсе да онолбойбуз .Рахмат эн туура айтылган сенин жазганын !!!
25.07.2011. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nationalist tuura ajtasyn.
Ongol4u ubakyt da keldi,akyryndap bara-bara adamdardyn ang-sezimi da onolo bashtaar dep ishenem.Bilim alganga da umtulalyk!Ak ijilet,birok synbajt!
26.07.2011. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу биздин жердеш,тундук.туштук дегенибиз айыкпас оору болуп калган да.Иштей турган чыныгы адамды шайлайлы,жердеш эчтеке кылып бербейт.
26.07.2011. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында элибиз коп нерсеге докчу болуп алганбыз, мамлекет антпейт, минтпейт деп эле. Эмне учун "Мамлекетке мен андай кылышым керек, онугушуно салым кошушум керек" дебейбиз?! Баарыбыз эле бир Ак уйду карап отура берсек оозубузга талкан салмак беле!!! Президент элди бакпайт, ал башкаруучу гана болот!!! Ким болсо да баарыбир оз кунунду озун корууго туура келет!!!!
26.07.2011. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Prokuror, прав!
26.07.2011. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жакадан баш,бир жеңден кол чыгарып>эл акысын эр жебейт-деген президентти шайлап алалы!!!
Сурамжылоого ишене бербейм.
26.07.2011. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир гана Камчыбек Ташиев татыктуу
26.07.2011. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Prokuror oşol mamleket şart tüzüp beriş kerek özün özü bakkanga eger elin oyloboso anda nege mamleket Mamleket da ata ene sıyaktuu ata ene balasına kanday kam köröt balası üçün baardık cakşı nerselerdi casagısı kelet mamleket dagı oşentiş kerek
26.07.2011. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мадумаров азаматсыз. Коросунорго достор Мадумаров женип чыгат буйруса. Эн татыктуусу эле ушул адам.
26.07.2011. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанга жесткий адам керек.алардын бири К.Ташиев деп ойлойм андан башка кандидат жок.алдап-тоноп жеген бийликтегилердин кобун атып салыш керек кытайдагыдай кылып.закондорубуз катууу болуш керек.экономиканы которуш керек бир нерсе болсо эле башка олколордон жардам тилеп отуруп калабыз бензин тугонуп калды эле мне болуп атабыз ТАШИЕВДЕН БАШКА ТАТЫКТУУ ЭЧ КИМ ЖОК деп ойлойм
26.07.2011. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emne tashievden bashka kandidat kalbai kalyppy baarynan madumarov tatyktuu
26.07.2011. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kim kelse da jakshy ishtesin.Orto Aziyadagy en akyrky mamleket bolup baratabyz.Kazakstan onuguudo,Ozbekstan da onuguudo al emi Turkmenistandy misalga alsak. . .Alar da onugup jatyshat,internetten kordum Avaza degen cholunu Antalyadan kooz kylyp kurup jatyshat eken.Eger olkobuzdo dagy bir tonkorush otkorup alsak anda kyiyn bolup kalat.Oshonduktan jakshy ajo kelsin dep tilek kylaly.
27.07.2011. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да кошулам президент Адахан болот го 100%
27.07.2011. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Манастай чачылган КЫРГЫЗДЫ чогулткан бирөө чыкбады КЫРГЫЗЫМДЫН бактына, өтө эле өкүнүчтүү. ким эле бийликке олтурса мен кыйратам деп убада берет албетте, а бирок иш жүзүндө гана билинет.
27.07.2011. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мадумаровго добуш берем!
27.07.2011. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мадумаров, Ташиев, Келдибеков деп учко болунуп калат туштук жактагылардын добуштары, Чуй, Ыссык-Кол, Нарындыктардын кобунчосу Атамбаевге салышат деп ойлом. Ошондуктан Атамбаев эле отот болуш керек.
27.07.2011. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимиси президент болсода махалла дебеген кыргызга куйгон адам шайлансында
28.07.2011. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким келсе да патриот адам болуш керек ошондо кыргызстан онугот!
28.07.2011. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЛЛАХ буюрса Ташиев президент болот
28.07.2011. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул адамдар аман эле болсун!рахмат баарына,эч кимиси кыйратышпайт.элден акча гана сорушат!
28.07.2011. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Президент болуш аста аста,качып кетиш бир паста...
29.07.2011. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мадумаров болот
30.07.2011. 08:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким болсо да жебей ичпей, Кыргызстандын келечегин ойлогон адам келсе болду президенттикке. Мадумаров ошого татыктуу адам деп ойлойм. Бирок Ташиев деле андан калышпайт.
30.07.2011. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адахан Кыргызстандын келечеги. Чынында мамлекетте эмне болуп жатканын кобунор билбейсинер. Данный моомент в бюджете страны появился большая дыра или нехватка денег в нашем бюджете кризис
30.07.2011. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелис Мырзакматов татыктуу ал кыргыз элине куйгон чыныгы кыргыз кулуну!!!
31.07.2011. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адахан Мадумаров биздин президент, мадумаров келсе убактылуулар качарга жай таппай калатго,
19.10.2011. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алмазбек Атамбаев 100% президент болот! Адахан, Ташиевдерин качарга жай таппай калышат.

1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо