-
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Водолаз деген лакап аттуу криминалдык авторитет Максат Абакировду 2 жыл 3 айга эркинен ажыратты.
-
Монополияга каршы көзөмөлдөө агенттиги малдын этин экспорттоого бөгөт коюуну сунуштоодо. Анткени ички рыноктогу эттин тартыштыгынан улам анын баасы 23 пайызга жогорулаган.
-
“Алтын казып алуу менен алектенген “Centerra Gold Inc.” компаниясынын Кыргызстанга таандык акцияларын сатуу маселеси президенттик шайлоодон кийин каралат”,- деп билдирди президент Роза Отунбаева.
-
Ак илбирсти коргоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк форум 2012-жылы Кыргызстанда өтөрү белгиленди.
-
Түшүмдү жыйноо техникасы менен Кыргызстан 40 пайызга гана камсыз болду.
-
Эсенгул Өмүралиев буга чейинки өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарымбаевдин ордуна дайындалды.
-
Өлкөдөгү мечиттердин 15 пайызы катталбаса, ал эми имамдардын 72 пайызы тиешелүү билими жөнүндө эч кандай документтерге ээ эмес экенин Диний иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү айтты.
-
Жаштар парламенти Кыргызстандын Бажы союзуна кошулушуна каршы добуш беришти.
-
“Казакстан Кыргызстандын жайыттарды башкаруу боюнча тажрыйбасын өздөштүрүп жатат”,- деп Айыл чарба министри Төрөгул Беков маалымдады.
-
Аравандагы таксистти сабоо окуясы боюнча экөө кармалып, иликтөө иштери уланууда.
-
Өкмөт 24 улутташтырылган объектти мамлекеттин менчигинде калтырууну, ал эми 23үн менчиктештирүүнү чечти.
-
Социалдык коргоо министрлигинин айтымында, эми 19-майда Жалал-Абад облусунда болуп өткөн окуянын жабырлануучулары өкмөттөн материалдык жардам алышат.
-
ЖКнын фракция лидерлери 20-августка чейин айыл өкмөт жана шаар башчыларын шайлоону БШКга сунушташты.