ЖҮЗҮМ ЧАРЧООНУ ЖАЗЫП, БАШ ООРУНУ БАСАТ

№457 5-11-август, 2011-жыл

Дарыгерлер жайында жашылча-жемиштерди көбүрөөк колдонууга кеңеш беришет. Бул ирет сиздерге жүзүмдүн ден соолукка пайдасы тууралуу маалыматты сунуштайбыз.

ПАЙДАЛУУ ЗАТТАРГА БАЙ
Жүзүмдүн курамында адамдын ден соолугуна пайдалуу минералдар (калий, кальций, темир, фосфор, магний, селен жана витаминдер A, C, B6) бар. Курамындагы флавоноид ууга каршы зат болуп эсептелет. Ал тамак-аш менен кирген уулуу заттардын организмден чыгышына шарт түзөт. Муну менен адамдагы улгаюу процессин жайлатат.

КАЙСЫ ООРУЛАРДА КОЛДОНУЛАТ?
Бул жемиш кээ бир ооруларды айыктырууда колдонулат.
1. Астма. Жүзүм адамдын дем алуу жолдорунун абалын жакшыртып, өпкөнүн жакшы иштешине көмөк берет.
2. Жүрөк оорусунда. Ал кандын уюп калышынын алдын алуучу азоттун оксидин көбөйтүү менен жүрөк оорусунун кармашын азайтат. Ошондой эле кан тамырларды бөгөп кала турган май түйдөкчөлөрүнүн жаралуусуна бөгөт коёт.
3. Шакыйда. Жакшы бышкан жүзүмдүн ширеси баш оорудан (шакый) айыгууга жакшы жардам берет. Аны эртең менен ачкарын суу кошпостон ичүү абзел.
4. Ич катууга каршы каражат. Курамында кант, целлюлоза, органикалык кислоталар ич өткөрүүчү жеңил каражат болуп эсептелет.
5. Ашказан үчүн жеңил тамак. Андыктан кээ бир ашказан ооруларында деле жей берүүгө сунушталат.
6. Чарчоону жазууда. Жүзүмдүн ак жана ачык өңдөгү ширеси (сортуна жараша) адамдын чарчоосун жоготуп, организмдеги темирдин запасын толуктайт. Ууга каршы заттар иммундук системанын иштешин жакшыртат. Ал эми күңүрт түстөгү жүзүм ширеси организмдеги темирди азайтат.
7. Бөйрөк оорусунда. Жүзүм организмдеги кычкылдуулукту жөнгө салып, калыптандырат. Андыктан бөйрөктүн (анын ичинде ооруган бөйрөктүн) иштөөсүн жеңилдетет.
8. Ракта. Жүзүмдүн кочкул кызыл өңдөгү ширеси эмчектин рагынан арылууга жакшы жардам берет. Лабораториядагы чычкандарга жүзүм ширеси көп берилгенде алардын эмчегиндеги шишик кичирейгени байкалган.
9. Альцгеймер оорусунда. Борбордук нерв системасынын ооруларынын бири болгон альцгеймер оорусунда акыл-эстин төмөндөшүнүн алдын алуучу каражат катары колдонулат. Аталган оору акыл-эс жөндөмүнүн (көрүү, угуу, сүйлөө жана башка) улам төмөндөшүн түшүндүрөт.

Азамат Абдраев
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
10.08.2011. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алма менен жузумду аябай жакшы кором, деле танбайм!
23.10.2011. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкты экен.Суреп инфонун жамаатына чон рахмат.Ар дайым ушундай жакшы кенештерден коп жазып тургула.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо