Бир бүркүм... АХМАТ БАКИЕВ 7 ЖЫЛГА КАМАЛДЫ...

№458 12-18-август, 2011-жыл

  • Ажолукка ат салышкандардын саны 50гө жетти. Алардын саясий партиялардан, ал эми 41и өзүн-өзү көрсөткөндөр.
  • Экс-президенттин бир тууганы Ахмат Бакиев күчөтүлгөн режимдеги колонияга 7 жылга эркинен ажыратылды.
  • «Жогорку Соттун жана Конституциялык палатанын судьясы болом деген ар бир талапкер менен жеке сүйлөшүп чыгам»,- деди президент Роза Отунбаева.
  • «Нарын драма театрынын директору иштен алынсын» деген талап менен анын артисттери митингге чыгышты. Алар ачкачылык жарыялоого да даяр экенин айтышууда.
  • «Коррупциянын деңгээли боюнча Кыргызстан 178 өлкөнүн ичинде 14-орунда турат»,- дейт Борбордук Азиядагы эркин рынок институтунун директору Сейитбек Усманов.
  • Нарын шаарындагы күйүп кеткен «Мукаш ата» базарында оокатын өткөргөн 130 ишкерге өкмөт 150 миң сомдун тегерегинде кайтарымсыз акча тарата баштады.
  • «Талас, Лейлек, Базар-Коргон, Аксы, Токтогул жана Нарын райондорунун токойлорунда өрт чыгуу коркунучу күч»,- деп Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
  • Мамлекеттик мекемелерде электр энергиясына, сууга жана газга чектөө коюлду.
  • Бишкек дүйнөдөгү эң кир 20 шаардын ичинен 16-орунду ээледи.
  • Президенттик шайлоонун биринчи жана экинчи туруна 40 тонна кагаз керектелет. Бюллетендер 5 баскычтуу коргоочу белгиге ээ болот.
  • Нарын облусунун Жумгал районунда 10-августта диаметри 10 миллиметр болгон мөндүр жаады.
  • Учурда Түп-Кеген жолунун жалпы 76 чакырымынын 30уна асфальттын биринчи катмары, ал эми 14 чакырымдык бөлүгүнө экинчи катмары төшөлүп бүттү.
  • Сулайман тоо, Ак-Буура дарыясынын тегерегин жана шаардык сейил бактарды тазалоого 5 миллион сом каражат сарпталып, андан 650 м3 таштанды чыгарылды.

Турдугүл Каримова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(1)
15.08.2011. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А сен Омургул келемиш болуп калыпсын арамдарды колдоп журуп минте берсен жакында соолугур болосун!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо