№458 12-18-август, 2011-жыл
Өзбекстан Кыргызстанга сатылуучу газдын баасын 14 пайызга кымбаттатты. Ошентип, 1000 м3 көгүлтүр от 279 долларга чыкты, буга чейинки баасы 243 доллар болчу. Баанын көтөрүлүшүнө карабастан, керектөөчүлөр үчүн баа мурунку бойдон каларын Энергетика министрлиги билдирди. Ортодогу айырмачылык бюджет тарабынан каржыланып, баш-аягы казынадан 96,27 миллион сом бөлүнөт. Бирок Өзбекстан жылдын аягына чейин бааны дагы көтөрүү ыктымалдыгы жөнүндө салам дубайын жөнөттү.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |