ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

№459 19-25-август, 2011-жыл

Украина

ТИМОШЕНКО ТҮРМӨДӨН ТИРҮҮ ЧЫКПАЙ КАЛАБЫ?
Украинанын экс-премьер-минис­три Юлия Тимошенко 5-август күнү камалган. Ал 2009-жылы газ боюнча Орусия менен түзүлгөн келишимде кызмат абалынан аша чаап пайдаланып, өлкөгө 200 миллион доллар чыгым келтирген деп күнөөлөнүүдө. Буга Тимошенко “бул Европага да, Украинага да керектүү келишим болчу” деп актанууда. Тимошенконун айтымында, соттун чечими белгиленип бүткөн. “Мени алар "түрмөдө жүрөгү токтоп калды, оорудан көз жумду" же "өзүнө өзү кол салды" деп өлтүрүп коюшу ыктымал”,- дейт. Буга мисал катары ИИМдин мурунку башчысы Юрий Кравченко соттолор алдында башына эки жолу ок атылып, аны өзүн өлтүргөнгө чыгарып салышканын айтууда.

Түркмөнстан

ТҮРКМӨНДӨР ТҮРК МЕКТЕПТЕРИН ЖАБУУДА
КМШ өлкөлөрүндө ачылган түрк мектептерин каржылоочу “Нуржулар” коомунун саясий-диний багытынан Түркмөнстандын бийлиги кабатырланууда. Мындан улам өлкөдө 1990-жылдан бери иштеп келе жаткан түрк мектептерин август айынан тарта жаба башташты. Андай лицейлер жөнөкөй мектептерге айланууда. Убагында Орусия менен Өзбекстанда да мындай билим алуу мекемелерин жабышкан болчу. Түркмөнстандын бийлиги: “Нуржулардын” өз максаты бар, бирок мындан биздин максатыбыз маанилүүрөөк. Эч кандай башка агымдын идеологиясына жол бере албайбыз”,- деп билдирди.

АКШ

КАДЫР-БАРКЫ ТҮШКӨН ОБАМА
Барак Обама АКШ президенттеринин тарыхындагы эң төмөн рейтингге ээ болду. "Gallup" компаниясы жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында калктын 43 пайызы Обаманын башкаруусуна нааразычылыгын билдиришкен. Ошол эле учурда жарандардын 54 пайызы анын башкаруусуна каршы эместигин айтты. Президенттин рейтингинин төмөндөшүнө АКШнын экономикалык чокудан түшүшү себеп. Анда кредиттик рейтинг боюнча "Standard & Poor's" агенттигинин жыйынтыгына ылайык, бир тепкичке ылдыйлаган болчу. Демократтар менен республикачылар "мамлекеттик карыздын чегин көбөйтүү боюнча өз ара тил табыша албай, АКШнын банкрот болуп кала жаздашына аз калды" дешет.

Беларус

ЛУКАШЕНКО КЕЧИРЕ БАШТАДЫ
2010-жылы болуп өткөн шайлоодон кийин "Ак үйдү басып алуу аракетин жасаган" деп президенттикке талапкерлигин койгондор менен кошо жүзгө жакын адам камакка алынган. Муну эксперттер бийликтин оппозиционерлерден арылуу жолу катары көрүшүүдө. Бирок өлкө башчысы Александр Лукашенко кармалгандардын ичинен тогузун бошотуу жөнүндө буйрукка кол койду. Бул адамдардын арасында оппозициянын лидерлери Николай Статкевич, Дмитрий Усс, Андрей Санников жана Владимир Некляевдин ысымы жок. Эскерте кетсек, жогорудагы оппозиционерлер экиден алты жылга чейин эркинен ажыратылган.

Израиль

ГАЗА ТИЛКЕСИНДЕ КЕЗЕКТЕГИ КОЛ САЛУУ
Израилдин аскердик аба күчтөрү Газа тилкесине чабуул жасап, анда беш ракета аттырды. Жыйынтыгында 5 адам оор жаракат алган. Коңшулаш Израиль менен Палестинанын ортосундагы мамилелер күн өткөн сайын курчуп баратат. Ага тээ 1967-жылы Палестинанын аймагы болгон Газа тилкеси жана башка аймактардын Израилдин карамагына өтүүсү түрткү болгон. Мындан улам эки өлкө ортосундагы келишпестиктер убагында кан төгүүгө чейин жеткирген болчу. Учурда Газа тилкесин башкарып жаткан палестиналык диний ХАМАС кыймылынын башкаруучуларын өлтүрүү максатында көптөн бери Израиль тараптан чабуул болуп келет.

Турдугүл Каримова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
24.08.2011. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
еврейрерди жок кылуу керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо