№460 26-август - 1-сентябрь, 2011-жыл
42 жыл Ливиянын президенти болгон Муаммар Каддафинин уулдары көтөрүлүшчүлөрдүн колуна түшүп калды. Эми оппозиция мамлекет башчынын бийликтен кетүүсүн талап кылууда.
ЛИВИЯ КӨТӨРҮЛҮШЧҮЛӨРДҮН КОЛУНДА
2011-жылдын февралында башталган массалык митинг кийинчерээк согушка айланган. Оппозиция акырындык менен өлкөдөгү нефти чыгаруучу ишканалар жайгашкан шаарларды басып алууга өткөн. Президенттин карамагында бир эле борбор калаа – Триполи калган болчу. Бирок көтөрүлүшчүлөр Триполини көздөй 20-август күнү чабуул коюшуп, 23-августта Баб аль-Азизия кварталындагы Каддафинин ак сарайын НАТО күчтөрүнүн жардамы менен басып алышты. Бирок ал жерде Каддафи да, балдары да жок болуп чыкты. Ажонун кайда экени белгисиз, бирок 24-августта радио аркылуу жасаган кайрылуусунда кашык каны калгыча көтөрүлүшчүлөр жана НАТО аскерлери менен күрөшөрүн билдирген.
КАДДАФИ ТУҢГУЮККА КЕПТЕЛДИ
Көтөрүлүшчүлөр басып алуу учурунда Каддафинин үч уулу: Сейф аль-Ислам, Саади жана Мохаммад туткунга алынгандыгын билдиришкен. Ошондой эле чоң уулу Мохаммад Каддафинин качып чыкканы да айтылган. Бирок ошол эле күнү Сейф аль-Ислам эркиндикте жүргөндүгүнүн далили катары журналисттерге интервью берди. Калган балдарын куткарууга Ливиянын лидери тезинен оппозиция башчысы Мустафа Абдель Жалил менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экендигин билдирип, көтөрүлүшчүлөрдү чабуулду токтотууга чакыргандыгы айтылууда. Оппозиция башчысы Мустафа Абдель Жалил Каддафи бийликтен кеткенде гана чабуулду токтоторун билдирген. Ошондой эле туткунга алынган уулдары менен кошо өлкөдөн чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берерин айткан.
ЖАҢЫ БИЙЛИК
Оппозиция тарап 27-февралда Бенгази шаарында Улуттук убактылуу кеңешти түзүп, Мустафа Абдель Жалил башчысы болуп дайындалган. Ал эми 15-июлда 30 өлкө, анын ичинде АКШ да аны легитимдүү бийлик деп тааныган.
Турдугүл Каримова
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |