МАША МЕНЕН АЮУ

№460 26-август - 1-сентябрь, 2011-жыл

Анимация дүйнөсүндө

АЛГАН СЫЙЛЫКТАРЫ

  • «Мультивидение» фестивалында «Балдар үчүн мыкты фильм» наамын алган.
  • Вильнюс шаарындагы "Tindirindis-2009” Эл аралык анимациялык фестивалында “Креативдүү юмор” наамы боюнча диплом менен сыйланган.
  • Улуу Британияда «БАФ-2009» сыйлыгынын “Мыкты телевизиондук мультсериал” наамы боюнча сыйлык алган.
  • «Суздаль-2010» анимациялык фестивалынын «Балдар үчүн мыкты фильм” наамынын жеңүүчүсү.

Жанры – Балдарга арналган телевизиондук сериал
Режиссёрлор – Олег Кузовков, Олег Ужинов, Денис Червяцов, Марина Нефёдова, Ольга Баулина
Продюсерлер – Андрей Добрунов, Олег Кузовков, Дмитрий Ловейко
Сценарийин жазган – Олег Кузовков
Ролдо үн коштогондор – Борис Кутневич (аюу), Алина Кукушкина (Маша)
Композитор – Василий Богатырёв
Аниматорлор – Ольга Баулина, Алексей Борзых, Павел Барков, Пётр Барков, Александр Якименко, Роман Козич, Павел Антоненков, Марина Нефёдова, Майя Хиггинс, Арсен Хачатурян
Өлкөсү – Орусия
Сериясы – 18
Сериялардын узактыгы – 6-7 мүнөт
Чыккан жылы – 2009

АЮУНУ ТАЖАТКАН ТЕНТЕК МАША
Маша – жаны жай албаган тентек кыз. Ал жакын досу аюуга эч тынчтык бербейт. Чыр мүнөз, чыдамы жок, чектен ашкан шок жан. Этиятсыздыгынын айынан дайыма ар кандай кооптуу абалга түшүп калмай жайы бар. Мындай абалдан аны жакын досу аюу дайыма куткарат. Маша оюна эмне келсе, ошону ишке ашырмайынча көңүлү тынчыбайт. Кызыккан суроолоруна канааттандырарлык жооп алмайынча аюунун жинине тийгени тийген. Андан сырткары таттууну, аюунун сыйлыктары жана кубоктору менен ойногонду жакшы көрөт. Ал эми аюунун мүнөзү токтоо, ак көңүл. Өмүр бою циркте иштеп жүргөн, учурда пенсиядагы ардагер. Сыйлыктары менен кубоктору – циркте иштеп жүргөндөгү ийгиликтери. Тынчтыкты жана ыңгайлуулукту сүйөт. Машанын бир жерге отуралбас мүнөзүнүн айынан дайыма жабыр тартып келет. Аюу Машадан баш тарта албайт, анткени ансыз жашоосу супсак. Чыдамы түгөнүп баратса да, Машадай досу бар экенине ыраазы.

ЖАРАЛУУ ТАРЫХЫНАН
«Маша менен аюу» кичинекейлердин аудиториясына арналган. Үч көлөмдүү графикада тартылган мультфильмди алгач 2009-жылы жаш көрүүчүлөр “Түнүңөр бейпил болсун, балдар” берүүсүнөн көрө башташкан. Мультфильмдин автору – Олег Кузовковдун мультипликацияда 20 жылдык иш тажрыйбасы бар. “Маша менен аюу” мультсериалын жаратуу идеясы ага мындан 14 жыл мурун Крымда эс алып жүргөн кезинде келген. Ал тууралуу Олег мындай дейт: “Пляжда эч нерседен тартынбаган кичинекей шок кыз бар эле. Кыз бүт чоңдорду сууга секиртип, токойдо издеттиргенине күбө болдум. Акыркы күндөрү анын ата-энеси кызынын ар бир баскан кадамын аңдып калышкан болчу. Бир чети кичинекей кыздын шоктугуна күлкүм келсе, бир чети ата-энесине боорум ооруган. Ошондо ошол шок кыз жөнүндө күлкүлүү бир мультфильм жараткым келген. 2007-жылы демөөрчүлөрдү таап, колдоо алганда гана планымды ишке ашырууга кириштим”,- дейт. Демек, мультфильмдеги Машанын чыныгы жашоодогу прототиби бар.

ЭЛ АРАЛЫК ДЕҢГЭЭЛГЕ ЧЫГА АЛГАН
Негизи, аталган мультсериалды 3төн 9 жашка чейинки кичинекей балдар үчүн деп болжолдошкон. Бирок мультфильм жаратуучуларды ата-энелер да калтырбай көргөнү таң калтырган. “Түнүңөр бейпил болсун, балдар” берүүсүнүн көрүүчүлөрүнүн 24 пайызы гана балдар, ал эми 76 пайызы чоңдор болуп чыккан. Бул да болсо мультфильмдин чоңдор арасындагы популярдуулугунан кабар берет.
Мындан сырткары француз, испан, эстон, латыш, литва тилдерине которулган. Эл аралык деңгээлге чыга алган “Маша менен аюу” мультфильми 1 жарым жыл аралыгында 16 сыйлык алган.
Авторлордун билдирүүсүндө, мультфильм Европада жакшы кабыл алынууда. Анткени анимация дүйнөсүндө классикага айланган “Том менен Жерри”, “Сениби, шашпа!” мультфильмдери диалогдук түрдө эки адамдын сүйлөшүүсү аркылуу алардын кыймыл-аракетин берсе , “Маша менен аюуда” диалог жок. Аюу эмоциясын ымдап, мимика жана клоундук аракеттери менен гана түшүндүрө алат. Анимацияда клоунада эң татаал болуп эсептелет. Бул режиссёрдон бир топ түйшүктүү эмгекти талап кылары анык.

(Сөз болгон мультфильмдин бир бөлүгүн бул жерден көрө аласыз)

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(9)
29.08.2011. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун мультик да)))))
29.08.2011. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Магада жагат абдан сонун мультик
30.08.2011. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маша сонун даа
30.08.2011. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul multikti inilerimen syrtkary jada kalsa tainem dagy korot.
30.08.2011. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul multikti jada kalsa tainem dagy korot.
01.09.2011. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
en sonun mul't uwul
01.09.2011. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кино коргондон коро, ушу мультфильмди коргонду жакшы кором! :)
03.09.2011. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да абдан жагат.Уулум экообуз чогуу корчубуз! :-)
13.10.2011. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул мильтикти Жыргал Ажиматов бардык сериясын кыргызча которгон. Дисктери сатыкта...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо