-
Жыл сайын 35 миңдин тегерегинде кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алат.
-
Өлкө экспортунун 60 пайызын текстиль өндүрүшү түзөт.
-
31-августта Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгына карата Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында парад болот. Ага 2 миң аскер кызматкери жана 80ден ашуун аскердик техника катышат.
-
Соңку 20 жылдын ичинде өлкөдө көмүр, нефть жана газ өндүрүү 6 эсеге чейин кыскарган.
-
Буга чейинки эки президент 60 жашка толгондо Кыргызстандан куулган. Роза Отунбаева бул салтты бузган биринчи мамлекет башчы болду. Ал 23-августта өз мекенинде 61 жашка чыкты.
-
Кыргызстандык айдоочулар кытайлыктардын жүк ташуусуна бөгөт коюуну талап кылышууда. “Кытайлыктар кыргыз чек арасына чейин жүктү алып келишсин, ал эми “Дордой” базарына өзүбүз жеткирип беребиз”,- дешүүдө.
-
1-октябрдан тарта пенсия дагы жогорулай турганын каржы министринин орун басары Медер Темирбеков билдирди.
-
Конституциялык палатанын төрт талапкери “президент Роза Отунбаеванын соттордун кесиптик дэңгээлин текшерүүгө укугу жок” деп чыгышты.
-
“Энергетикалык системанын жабдуулары эскирип, анын айынан жыл сайын 45 миллион доллар зыян тартууда”,- дейт “Электр станциялары” ишканасынын башкы директору Аман Тентиев.
-
Япония Кыргызстандагы президенттик шайлоону өткөрүүгө 350 миң доллар каражат бөлүп берет.
-
Чоң Алай районунун жаштары бийликке кайрылып, “акыркы бир жылдын ичинде эле аталган райондон 2 миңдей жаштар чет өлкөгө чыгып кетишти” деп коңгуроо какты.
-
Манастын жана Чыңгыз Айтматовдун эстеликтерин тургузууга 24 миллион 323 миң сом чогулду. Эстеликтерди тургузууга жалпысынан 28 миллион сом керектелет.
-
Социалдык коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, Балдар үйүндө жашаган балдардын 70 пайызынын ата-энелери бар.
-
73 миң окуучунун орду бар Бишкектин мектептеринде 100 миңден ашуун бала окуйт.
-
22-август күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районун сел каптап, 122 турак үй суу астында калды.
-
Гидрометеорологдор 25-августтан 1-сентябрга чейин катуу жаан жаап, тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин билдиришет.
Турдугүл Каримова
politika@super.kg